Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

13:00 Нарында жөө жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кетти


Түшкү саат 12.00 ден өткөндө Нарын шаарынын борбордук аянтынан Коомдук Парламент мүчөсү Урмат Акуновду жана аны менен бара жаткан төрт адамды милиция кызматкерлери күч менен автоунааларга салып, шаардык ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Ошондой эле областтык акимчиликтин алдында байкоочулук кылып турган “Мунаса” коомдук уюму лидери Бакыт Рыспековду дагы милиция кошо салып кетти. Милиция кармоо кандай негизде болуп жатканы боюнча журналисттерге түшүндүрмө берүүдөн баш тартууда. (Kus)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG