Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек 1986-жылы 26-апрелде Украинада Чернобыль --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/D7E44E56-AD29-4A88-A64F-D6D044206F7E.asp өзөктүк электр станциясында жарылуу болгон. Анда эки жумушчу мерт кетип, үч айдын ичинде Чукул кырдаал кызматынан 29 адам набыт болгон. Башка өлкөлөрдүн окумуштуулары радиактивдүү калдыктарды тапканын далилдесе, Советтер союзунун бийлиги өзөктүк кырсык болгонун танып турду.



Өзөктүк электр станциясындагы жарылуунун радиациясы Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында Хиросима менен Нагасакиге ташталган өзөктүк бомбанын радиациясынан жүз эсе күчтүү болгон. Станциянын жарылуусунан Украина, Белоруссия жана Орусиянын ири аймагы жабыркаган. Өзөктүк электрстанциясына жакын жайгашкан Припят шаары эң көп жабыркаган жана андан 50 миң тургундар башка жакка көчүрүлгөн. Ушул күнгө чейин Чернобылдагы кооптуу аймак турмуш-тиричилик өткөрүү үчүн эң коркунучтуу бойдон калууда.



Чернобыль кырсыгы учурунда жана анын кесепеттерин жоюуга катышып жан таслим болгондор.

Совет өкмөтү Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн начар жабдылган он миңдеген жумушчуларды жана аскер адамдарын өзөктүк апаат болгон аймакка жөнөткөн. Алардын көбү андан көп өтпөй каза болуп, же денсоолугунан айрылган. Ал эми тирүү калгандар ушул күндөрү аз өлчөмдө акчалай жардам алып келет.



Өзөктүк кырсыктан кийин Минскте онкологиялык дартка чалдыккан балдар үчүн борбор ачылган.

Чернобыль радиациясынын денсоолукка тийгизген масштабы азырынча так белгисиз. Бириккен Улуттар Уюмунун 2006-жылы чыккан билдирүүсүндө өлгөндөрдүн саны төрт миң болушу ыктымал деп айтылса, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча “Greenpeace” уюму андан бери 200 миңге чукул адам радиациянын кесепеттеринен пайда болуучу ооруларга жана рак дартына чалдыгып көз жумганын билдирүүдө.



Кооптуу деп эсептелген аймакка жакын жайгашкан Губаревич шаарында идиштердеги сүттүн радиациясы текшерилүүдө.

Чернобылдагы алааматтан кийин 350 миң адам кооптуу аймактан алыс жакка көчүрүлгөн. Бирок дагы беш жарым миллион адам Чернобылга жакын облустарда жашап келет.



Чернобыль кырсыгынан кийин аймакта калган жыгач там.

Жарылуудан кийин радиация жергиликтүү жаратылыштын ири бөлүгүн талкалаганы менен, адамзаттын колу тийбеген жапайы табият жандана алды. Кооптуу аймактагы жапайы жаныбарлардын көбү радиоактивдүү болгону менен, окумуштуулардын баамында алар коркунуч алып келбейт. Белорус өкмөтү бул аймакты корук деп жарыяласа, Украина дагы ушул өңдүү иш-аракеттерди колдоду.



Чернобылдагы радиацияны сактай турган саркофаг чукул убакыттын ичинде курулгандыктан кыйроо абалында турат.

Украин бийлиги жакында эле эски саркофагды бекемдөө иштери соңуна чыкканын билдирди. Бирок маалыматтарга ылайык, жаңы имаратты куруу иштери жүз жылга созулушу ыктымал. Бул долбоорго бир миллиард доллар талап кылынат.



Белоруссияда Чернобыль кырсыгы саясий жана экологиялык маселе бойдон калууда.

Белорус оппозициясы президент Александр Лукашенкону Чернобылдын кесепеттерин жое албады деп айыптап келет. Жыл сайын бул күнү оппозициянын өкүлдөрү “Чернобыль жолу” деген аталыштагы акцияларды уюштурушат.
XS
SM
MD
LG