Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08
ЕККУнун баш катчысы Марк Перрен де Бришамбо (Marc Perrin de Brichambaut) бүгүн президент Курманбек Бакиев менен жолугушту. Анда мамлекет башчысы Кыргызстан ЕККУ менен кызматташуунун кеңири спектрине ээ экендигин белгилеп, ”Коопсуздукту камсыз кылуу, сөз эркиндиги, экономикалык өнүгүү жаатындагы кызматташтык кыйла ийгиликтүү өнүгүүдө” –деди. Кыргызстан демократиялык өнүгүү принциптерин туруктуу уланта берет. Президент ошондой эле өлкөдө жетишээрлик активдүү, күчтүү жарандык коом бар экенин, азыр жалпы эле ишкердикти өнүктүрүүгө максималдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана Кыргызстан кызматташтыктын колдонулуп келген багыттары боюнча ЕККУ менен натыйжалуу кызматташтыкты кенейтүүгө даярдыгын билдирген. ЕККУ баш катчысы болсо президент Курманбек Бакиев менен акыркы жолу жолугушкандан берки мезгилдин ичинде Кыргызстан өз өнүгүүсүндө чоң прогресске жетише алгандыгын белгилеп, “Конституцияга байланыштуу маселе чечилди, парламенттик шайлоо ийгиликтүү өттү жана өлкөдө мындан аркы прогресске шарт түзүлдү, ЕККУ бул процесске өз салымын кошууга даяр, уюмдун мүчөсү катары Кыргызстан ЕККУнун өнүгүүсүнө жардам жана колдоо көрсөтөөрүнө ишенет“,- деп айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле кызматташуунун ар кайсыл маселелери, атап айтканда, демократиялык институттарды өнүктүрүү, бажы чөйрөсүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу, сот системасын реформалоо сыяктуу маселелер боюнча пикир алышуулар жүрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG