Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

16:37 Ошто дагы автоунаа үчүн жол кире кымбатташы күтүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаар мэринин орунбасары Мухиддин Мамасадыков билдирди. Анын айтымында, айдоочулардын бир катар ишканаларынан кайрылуу түшкөндүктөн атайын комиссия түзүлдү. Ал дүйшөмбүдөн тартып ишке киришет. Комиссиянын иликтөөсүнөн кийин жол кире канчага кымбатташы сөзсүз билинет. Оштук эксперт Улукбек Максүталиевдин айтымында, азыркы учурда Ошто жол кире наркын көтөргөнгө негиз жок. Бирок Бишкекти туурап кымбаттоо башталса, андан кары-картаңдар, майыптар жана студенттер гана жабыр тартат. Ошон үчүн адегенде маянаны, стипендияны жана пенсияны көтөрүү керек. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG