Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Аманбек Жапаров, Ысыккөл Кыргыз жерлеринин коңшу өлкөлөргө берилишине каршы жүрүшкө чыккандардын жолун торогондор аларды таш бараңга алып, жумуртка менен койгулашты. Катышуучулар кол салууну ошол жерде жүргөн бийлик өкүлдөрү уюштурду деп билдиришти. Жеринде кабарчыбыз Аманбек Дилденбай биз менен байланышка чыкты.

-Аманбек кол салуу кандайча башталды?

-Эртең менен саат ондо Түп айылындагы “Акдан” азык-дан соода борбору бар экен. Ошонун жанында элдер чогулуп атышканда Сагынбек Момбеков комузун алып Каркыранын сатылышы тууралуу ырын ырдай баштаганда, 50гө жакын элдер чогулуп калганда, 3-4 аял келип тигилерди ырын токтуп бул жерден кетип калууну талап кыла башташты. Милиция кызматкерлери бардыгы карап турушту. Бир аздан кийин аларга жоон топ эркек кишилер да кошулду. Ал жигиттер дагы тигилерди кетип калуу талабын коюшуп, жарым саатча тирешүүлөр болуп турду.

Ошол жерде “Ыйык жерди коргоо” кеңешинин төрагасы Мукар Чолпонбаевди тез арада Түп айылынан чыгып кетүү талабын коюшуп, аны бир топ аялдар жулмалап, сүрүп чыгарышты дагы, ал машинесине түшүп кетүүгө мажбур болду. Ошондой эле “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Сапар Аргынбаевдин машинесин дагы аялдар койгулап, “тез аранын ичинде Бишкектен келгендер бул жерден жоголгула” деген катуу кыйкырыктар менен коштоп, аларды кубалашты. Ошол учурда “Мен ишенбейм” кыймылынан 3-4 мүчөсү дагы барышкан экен. Аларды көрүп калып жумуртка менен ургулап, таш бараңга алышканда алар качып, Түп айылынын күн батыш жагына кетишти.

Оппозициянын өкүлдөрү Түп айылынын батыш жагынданы ГАИ постуна барышып, ошол жерде топтолушуп турушту. Бери жактан нааразы болуп аткан жергиликтүү элдин өкүлдөрү ошол жерге да жөнөштү. Менин көзүмчө ошол жерден райакимиаттын жана милиция кызматкерлерин унаага салып, оппозициянын өкүлдөрү турган жерге алып барганын өз көзүм менен көрдүм. Ошол эле учурда мен Түп районунун акиминин орунбасары Ибраим Жолдошевге суроо узаттым, “чынында эле элдер ушундай талап коюп атышабы, же кандайдыр бир чагым уюштуруу боюнча алып келдиңерби?” дегенде, анын айтканы бул болду:

- Бул нааразычылык. Азыр булар бул жерде эмне жүрөт, азыр жазгы талаачылык жумуш болсо. Жаздын бир күнү жылды багат дейт. Эл ушуларды ээрчип жүрүп эртең ачка калса эмне болот?

Мына ошол учурда күн батыш тараптан Өмүрбек Текебаев, Эркин Алымбековдор баштаган жоон топ саясатчылар келишти эле, алардын дагы жолунан тосуп, “кайда баратасынар, жоголгула” деп кыйкырышып аларды дагы сүрүп киришти.

-Кол салгандарга арачы түшкөндөр болдубу, же жергиликтүү эл жалпы эле жүрүшчүлөргө каршы чыктыбы?

-Арачы түшкөндөр болгон жок. Себеби “Акыйкат үчүн” кыймылдын мүчөлөрүн колдогондор “Акдан” деген соода борборунун жанында эле калып калышты. Себеби ызы-чуу чыгаарын сезишти окшойт. Ошол жерде 50дөй киши туруп тарап кетишти. Ал эми ГАИнин бекетинин жанында “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөлөрүн бул жерден кеткиле деп талап коюп аткандар гана чогулушту. Аларды милиция көрүп туруп, эч кандай реакция кылышкан жок.

Бир маалда “Акыйкат үчүн” кыймылдын мүчөсү Болот Шерниязов келатканда аны астынан бир жигиттер тосуп чыгышып, аны бир-экөөсү муштап жиберип, чоң чатак чыгып кетээрде гана милиция аралашып, мындай чатакты болтурбай калды. Милициянын формасын кийген жигиттер чатак чыгып кетпесин деп эки ортодо болуп атышты. Бирок жумуртка ыргыткан, кыйкырган адамдарга эч кандай чара көрүлгөн жок.

-Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова журналисттерге кол салуу болду деп атты. Алардын ичинде “Азаттыктын” кабарчысы Рита Нурмамбет кызына кол салуу болгон экен. Алардын абалы кандай?

-Ал мындайча болду. Менин алдымда “Акыл алкак” гезитинин кабарчысы Роза Жумалиева деген кыз бараткан эле, аны 2-3 аял чуркап барып башка коюп жиберишти, “эмне жүрөсүңөр, жоголгула” деп. Мен дагы ары жактан барып арача түштүм. Ары жактан Рита да көрө калып, “ой, бул журналист, тийбегиле” деп кармайын дегенде Ританы дагы жулмалай баштаганда, мен арача түшүп, журналисттерге тийбегиле дегенде алар токтоп калышты. Милиция кызматкерлери, жанында карап турган адамдар эч кандай реакция кылышкан жок.

-Негизи кагылышууда жаракат алгандар болдубу, же болгон жокпу?

-Жаракат алгандар болгон жок. Бул жерден Болот Шерниязовдун кан басымы көтөрүлүп, ошол жерден тез жардам дарыгерлери анын кан басымын ченегенде 240-102 дегенди өлчөмдү көрсөттү дешти. Анан укол сайышып, ошол жерден Шерниязов эс алды. Жөө жүрүшкө чыккандар Сарыбулак айылына карата баратканда бир топ ызы-чуу кылган жигиттерди, аялдарды машинага салып Сарыбулак айылына алып барышты. Ошол жерден тосот деп айтты.

Ал жакка барып келгендер айтып атышты, ал жерде 30га чукул солдаттар жана спецназдын атайын солдаттары да турушат деп. Ошондой эле “кетсин” деген адамдар да турат дешип, кайра кайтып келишти. Ал жерден штаб жыйын өткөрүшүп, эгерде кан төгүлүп кетсе кыйын болуп калчудай, булардын жасап аткан жүрүшү жакшы эмес деп “Акыйкат үчүн” кыймылдын жетекчилери бул ишти убактылуу токтото туралы деп айтышты. Мисалы Бекназаров “бул күрөштүн башталышы” деген пикирин айтты:

- Бул башталышы. Илгери Октябрь революциясы болордун алдында дагы девиз ушундан болгон “учкундан жалын тутанат” деп. Бул учкун, али сөзсүз тутанат. Спецназдар келип турганы жүз пайыз чын. Мен азыр эле сүйлөштүм, бул жерде биздин анча-мынча балдарды камап койгон экен, ошолорду кое бергиле дедим. Начальнигине айтам, азыр кое берет деди. Мен айттым, бул жерден эң акыркы эл кеткенде кетем.

Мына бүгүнкү Ысыккөл облусундагы Түп айылындагы жөө жүрүштүн башталышы ушундай окуя менен бүттү.
XS
SM
MD
LG