Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

Быйылкы жылдын экономикалык өнүгүшүн Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги үч түрдүү болжолго байлаган. Ал үчөөнүн ичинен Кыргызстан экономикасынын өнүгүшү пессимисттик божомолдон да төмөн түшчүдөй болгону турат. Энергетикага баанын күндөн-күнгө өсүп, азык-түлүк --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/40391F2C-9D3B-4013-A344-CB8322CF64F9.asp тартыштыгы дагы күчөй берсе, Кыргызстан жыл ортосуна барып быйылкыга түзгөн болжолун кайра карап чыгышка мажбур болмокчу.

Жыл башынан берки үч ай ичинде ички дүң продукт көлөмү 28 миллиард ашуун сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДП 6,1% көбөйгөнүн билдирет. “Кумтөрдү” кошпогондогу көрсөткүч мындан да төмөн – 5,5%.

Улуттук статистика комитети жарыя кылган үч айлык көрсөткүчтөр Кыргызстан пессимисттик божомолдон да начар абалга түшүп калыш коркунучунда экенин көрсөтүп туру.

Өнөржай өндүрүшүндөгү абал да чеке жылытарлык эмес. Былтыркы жылы экономикалык өнүгүшкө чоң сүрөөнчү болгон курулуш тармагынын дымагы бу жылы билинбей калды.

Өзгөчө оор абал энергетика тармагында түзүлдү. Суук кыштан жалаң электр кубатынын жардамы менен жазга чыккан Кыргызстан күн жылыганы энергетикалык кризиске кабылды. Өкмөттүн ушу таптагы башоорусу Токтогул суу сактагычын кантип толтуруу, тармакты аңдып турган жапырт болчу кризистен кантип аман сактап калуу маселеси болууда.

Буга кошумча божомолчулар дүйнөлүк азык-түлүк тартыштыгы Кыргызстанга да салакасын тийгизерин айтышууда. Азык-түлүк баасынын кымбатташынан өткөн жылы Кыргызстанда инфляция деңгээли 20% ашып, анын күүсү ушу азыр да токтоло элек. Быйыл да инфляция болжолдогон чектен бийик болчудай.

Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги кызыл дан проблемасын атайын программанын жардамы менен чечүү сунушун билдирүүдө. Министр А.Жапаров жаңы долбоорду май айында Киевде өтчү Европа өнүгүү жана кайра куруу банк башкармаларынын жыйынында сынга коюп, эгер ал жерде колдоо тапса программаны каржылоо маселесин чечүүгө куштар экендигин билдирди.

- Дан эгин, өсүмдүк майы, дагы биртоп азык-түлүк, мына, сүт, эт боюнча көз карандысыз болууга жетишибизге мүмкүнчүлүк болуп жатат. Ошого беш жылдын ичинде 153 миллион доллар керек болуп жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн буудай, жүгөрү, ага кошумча мунай, газ өндүрүүнүн жаңыча жолун аныктаган сунушту каржылоого чамасы жок. А.Жапаров азыркы парламент “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимдерди колдоп берсе долбоорду каржылоонун бир айласы табылып калар эле деген пикирде.

- Кыргызстан бюджетине 54 миллионго чейин доллар түшмөк. Бул чоң акча да, туурабы? Экөөнү кошуп койсоң 60 миллион доллардын тегерегиндеги акчаны азыркы каржы кризиси шартында ким бизге бермек эле. Анын негизинде мына быйыл биз жанагы “Жүгөрү” деген бөлүштүрүүгө 50 миллион доллар таппай отурабыз. Үч жылдан кийин кыргыз элин эгин, жүгөрү менен багып кете турган долбоорго мына азыр биз акча табалбай олтурабыз.

“Кумтөр” алтын кени боюнча канадалык ишкерлер менен түзүлгөн келишимдерде өлкөнүн кызыкчылыгы сакталбай, өкмөт жашыруyн шарттарга кол койгонун парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков ырастап келатат.

- Жанагы 15% акцияны. Бул жөнүндө өзүнчө келишим түзүшүптүр. Аны кимден жашырып жатышат? Эмне үчүн аны өкмөт бербейт? A.Атамбаевдин келишими боюнча ал 15% акция бир жыл, жарым жылдан кийин бирөөнүн атына жазылып калса эмне болот? Кыргызстан дагы эч нерсеси жок калабызбы?

Өткөн жылкы келишимдерде белгиленген шарттардын негизинде Кыргызстан өкмөтүнө түшчү акчалар быйылкы жылдын бюджетине киргизилген эмес. Анын үстүнө “Кумтөр” алтын кени быйыл 18 тонна алтын казып алууга жетишер-жетишпеси да белгисиз.

Азык-түлүккө баанын көтөрүлүшүнөн быйылкы үч айда инфляция деңгээли дагы өйдөлөп, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу ал 10% жогорулады. Иши кылып, быйылкы жыл Кыргызстан экономикасы үчүн өзгөчө оор болгону турат. Экономикалык өнүгүш ырааты бул жылы өткөн жылдын деңгээлине жетер-жетпеси ошондон бүдөмүк калууда.
XS
SM
MD
LG