Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:17

Парламент телекөрсөтүү жана радиоуктуруулар жөнүндөгү жаңы мыйзамды кабыл алды. Кыйла талаш-тартыш менен өткөн жаңы мыйзам долбоорунда өлкөдөгү телерадиоберүүлөрдүн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/A764C34B-4385-47CD-AA70-2585FEFE2BBA.asp кандай шартта иштей тургандыгы, аларга коюлчу талаптар көрсөтүлгөн. “Бетме-бет” талкуусунун катышуучулары парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү, профессор Ибрагим Жунусов менен Кыргыз-түрк “Манас” университетинин улук окутуучусу Бакыт Орунбеков мына ушул маанилүү маселе тегерегинде пикир бөлүштү. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: - Ибрагим мырза, телерадиоберүүлөр боюнча мыйзамдын даярдалыш, кабыл алыныш зарылдыгы эмнеге байланышту болду? Билесиз, буга чейин Улуттук телерадио тууралуу мыйзам бар эле. Сиздердин мыйзамдын андан айырмасы эмнеде?

Ибрагим Жунусов: - Кыргызстандагы телерадиоберүүлөр боюнча жалгыз улуттук телерадиодон тышкары өзүнчө мыйзам бүгүнкү күнгө чейин болгон эмес. Буга чейин ала турган болсок Украинада, Белорусияда жана башка өлкөлөрдө мындай мыйзам толук кандуу иштеп жатат. Орусча айтканда, Кыргызстандагы телеберүүлөрдө “бардак” болбосун, каалагандай кетпесин, бардык нерселер өздөрү каалагандай чыгарылып кетпесин, ошолор болбосун деп ушул мыйзамды кабыл алдык. Баарын бир мыйзамга салып алыш биздин максат болчу.

Бекташ Шамшиев: - Бакыт мырза, мына ушул жаңы мыйзамга ылайык телерадиоберүүлөрдүн чыгарган материалдарынын 50% кем эмеси өзүнүн чыгармачылыгы болушу керек. Ошондой эле берүүлөрдүн көлөмү кыргыз же орус тилинде болушу керек, деген жаңы жобо кабыл алынды. Сиздин оюңузча, жаңы мыйзамдын аркасы менен сөз эркиндиги боюнча алдыга кадам таштадыкпы же бул катардагы эле маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамдардын бириби?

Бакыт Орунбеков: - Ар бир мыйзам мамлекеттин кызыкчылыгынан келип чыгышы керек. Кыргыз мамлекети кыргыздардын кызыкчылыгына, түпкү улуттун кызыкчылыгына таянышы керек деп ойлойм. Ушул ыңгайдан алганда Кыргызстандагы телеберүүлөрдүн 50% кем эмес көрсөтүүлөрү өзүнүкү болсун, 60% да кем эмеси деп жатышат, өзүнүн өндүрүшүнөн чыккан көрсөтүүлөр болсун дегени жалпы мамлекеттин кызыкчылыгына туура келет.

Казак Республикасында ушундай мыйзам бар. Өзбек Республикасында өзүмдүк пайызы мындан да көбүрөөк. Бул алардын мамлекеттик кызыкчылыгына төп келет. Бирок ал мамлекеттин ичинде кандай ишке ашат? Бул таптакыр башка маселе. Аны мезгил өзү көрсөтөт.



Бекташ Шамшиев: - Ибрагим мырза, сиз кошумчалайын дейсиз го.

Ибрагим Жунусов: - Бул жерде Өзбекстан, Казакстан тууралуу сөз кетпедиби. Украинада ал 100%. Ошолорду карап менде башында 50% эмес 80% койсокпу деген да ой болду.

Бекташ Шамшиев: - Жаңы мыйзам талабы боюнча Улуттук телеканалдын байкоочулар кеңешин президент өзү сунуштап, Жогорку Кеңеш бекитет. Ал эми телеканалдын жетекчисин президент өз жарлыгы менен бекитет. Бакыт мырза, сиздин оюңузча, бул сөз эркиндигине кайчы келбейби?

Бакыт Орунбеков: - Бул жерде коомдук телекөрсөтүү деген чоң системага, демократиянын көрүнүшү катары келаткан маалымат мейкиндигине балта чабылды деп ойлойм. Анткени Кыргызстан 17 жылдан бери демократия кура тургандыгын айтып келатат. Демократиянын бир белгиси ушул. Телекөрсөтүүдө, башка маалымат каражаттарында коомдук пикирдин бардык түрү чагылдырылышы керек. Коомдук телекөрсөтүү коомдун ар кандай өкүлдөрүнөн, ар кандай бийлик бутактарынан келип туруп биргелешип иштешкен чоң система болушу керек эле. Менимче, буга чейин көрүлүп келаткан аракеттер, 24-марттагы революциянын талаптары ушундай болчу.

Мамлекеттик телекөрсөтүү коомдук пикирди ар тараптуу чагылдырбайт. Бир гана бийликтин, бир гана өкмөттүн же болбосо кайсы бир саясий күчтүн гана кызыкчылыгын коргоп калат. Мына ушундай нерседе биз кайра артка кетип жатабыз. Биз демократиялык дүйнө коомчулугу алдында осол абалда калдык деп ойлойм.



Бекташ Шамшиев: - Ибрагим мырза, сиз ушул мыйзам авторлорунун бирисиз. Сиздин оюңузча, биз сөз эркиндиги жагынан артка кеттикпи?

Ибрагим Жунусов: - Жок, биздин мыйзамдан сырткары деле Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча КМШ өлкөлөрүнүн эң алдында жүргөн өлкөлөрдүн бири. Азыркы айырма, байкоочулар кеңеши боюнча мен бираз толуктоо берип койсом. Биз киргизип жаткан мыйзамда, Бакыт мырза, улуттук телеберүүлөр үчүн өзүнчө, муниципалдык телеберүүлөр үчүн өзүнчө, коомдук менен жеке телеберүүлөргө өзүнчө - үчөөнү үч кыл айырма менен белгилегенбиз.

Улуттук телекөрсөтүүнүн байкоочулар кеңешин президент сунуштайт, Жогорку Кеңеш бекитет. Ал эми коомдук, муниципалдык телекөрсөтүүлөрдү байкоочулар кеңешин уюштуруучу жак менен чыгармачыл топ экөө биригип алып өздөрү шайлайт. Бул жерде президенттин эч кандай тиешеси жок.

Бакыт Орунбеков: - Коомдук телекөрсөтүү бул жерде принцибинде таптакыр бузулуп жатат. Эгерде бийлик тарабынан сунуш кылынса, бийлик тарабынан бекитилсе эле аны коомдук телекөрсөтүү деп атаганга болбойт.

Ибрагим Жунусов: - Коомдук телекөрсөтүү үчүн өзүнчө, коомдук телекөрсөтүү үчүн өзүнчө пункт бар. Ал эми сиз айткан президент сунуштайт, Жогорку Кеңеш бекитет деген бул Улуттук телекөрсөтүүгө гана тийиштүү.

Бакыт Орунбеков: - Ошол да. Азыр кеп 1-канал, Улуттук телекөрсөтүү жөнүндө болуп жатат. Ушу убакка чейин келген талаштын баары, кептин баары ушунда болчу. Эгер Улуттук биринчи каналга, бүт республикага тараган телекөрсөтүүгө ушундай мамиле кылсак, анда демократия деп атабай эле коюш керек.

Бекташ Шамшиев: -Ибрагим мырза, Улуттук 1-каналдын байкоочулар кеңешин президент өзү сунуштап, Жогорку Кеңеш бекитет. Буга коомдук уюмдардын катышпагандыгы абдан чоң талаш болуп жатат.

Ибрагим Жунусов: - Мынабул жерди тактап коелу. Жогорку Кеңеш аларды бекитип бербейт, шайлайт. Кадимкидей шайлоо жүрөт.

Бекташ Шамшиев: - 24-марттагы элдик революциядан кийинки талаштуу маселе мына ушул болчу. Бизде коомдук телекөрсөтүү болобу же болбойбу, деген талаш эле. Улуттук телерадио тууралуу буга чейинки мыйзам да аны коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу аракети болчу. Ошондон биздин Кыргызстанда коомдук телекөрсөтүү идеясы унутта калды, ЭлТР жалпы улуттук масштабда андай милдетти аткара албастыгы айтылууда. Сиздин оюңузча, Улуттук телеканaлдын коомдук телеканалга айлануусуна эмне тоскоол болууда?

Ибрагим Жунусов: - Мен мыйзамдын автору катары айтайын. Коомдук болуш керекпи же жокпу деген сөз ал жерде жок. Биз мыйзам авторлору мына буларды киргиздик: коомдук телекөрсөтүү үчүн мына бул мыйзам, улуттук үчүн бул, муниципалдык, менчиктер үчүн булар деп үч берене койдук. Бул сөзсүз коомдук же улуттук болсун деген маселени биз көтөргөн жокпуз.



Бекташ Шамшиев: - Бакыт мырза, сиз ушул Улуттук телеканалдын байкоочулар кеңешинин мүчөсүсүз. Сиздердин иш жөнүндө Жогорку Кеңеш талкуyсyнда момундай пикир айтылды. Атап айтканда, Адахан Мадумаров: “чаян, балык, аккуу” сымал үчөө үч жакка тарап кетти. Үч жакты карап калды”. Бул институт өзүн актай албай калды. Ошон үчүн президент тарабынан сунушталышы туура деген пикирлер айтылды. Сиздин оюңузча, байкоочулар кеңешинин иштебей калышынын себеби эмнеге байланыштуy болду?

Бакыт Орунбеков: - Акыры коомчулукка ачык сөз айтылышы керек, бүгүн болбосо эртең айтылат деп ойлойм. Коомдук телекөрсөтүү эмнеге иштебей калды деген сөз өткөндө парламентте да козголду. 15 мүчөсү үч жактан шайланып келгени үчүн ушундай абалга келишти деген сөз болду. Абал болсо таптакыр башкача.

Мурдагы парламент шайлаган байкоочулар кеңешинин иштебей калышына азыркы бийликтин, президенттик администрациянын түздөн-түз кийлигишүүсүнөн, ошолордун жолтоо болушунан иштебей калды. Мыйзамда байкоочулар кеңеши мүчөлөрүнүн 50% ашууну чогулганда ишти баштаса болот деп жазылып турат. Ошол 50% ашкан чогулуштун болбой калышына президенттик администрациянын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчилери, ушу убакка чейин үч жетекчи алмашты, ошолордун баары түздөн-түз кийлигишип, телефондо коркутуп, байкоочулар кеңешиндегилердин өздөрүнө чалып, жетекчилерине чалып, жыйналышка келтирбей коюшту.

Колун толгоп, бутун толгоп, бала-чакасына, жетекчилерине чейин коркутуп-үркүтүп келишти. Эгер андай тоскоолдуктар болбосо байкоочулар кеңеши мыйзам боюнча иштей бермек. Мен ага президенттин атынан шайланып баргам. Мен биз эми чындап коомдук телекөрсөтүүнү жасарыбызга ишенгем. Ошол жерде отурган 15 адамдын көңүлдөрү жакшы болчу. Кыргызстанда Борбор Азияда биринчи болуп биз коомдук телекөрсөтүүнү алып чыгалы, иштейли дегенбиз.

Анан колдон-буттан чаап олтурса, тебелеп олтурса, аны таптакыр иштетпей коюп, эми бүгүн минтип таптакыр башка мыйзам кабыл алып отурганы Кыргызстанда демократиянын изи сууп жатат, жоголуп жатат, коомдук пикир деген, ар кандай пикир деген биздин 1-каналда болбойт деген сөз.

Бекташ Шамшиев: - Ибрагим мырза, жакында ЭлТР каналынын жетекчиси президент жарлыгы менен бекитилди. Ал эмгек жамаатында биртоп талаштарды жаратты. Сиз оюңузча, коомдук телекөрсөтүү деп атаган канал жетекчисин эмгек жамаатынын макулдугусуз алмаштырууга президенттин укугу бар беле же бул деле Кыргызстанда боло берчү амалбы?

Ибрагим Жунусов: - Биз кабыл алган мыйзамдын Бакыт мырза айткан мурдагы нерселерге эч тиешеси жок. Экинчиден, 50% кем болгондон кийин алардын иштөөгө акысы жок. Алар бүт таралышы керек. Ал эми коомдук телекөрсөтүү боюнча. Улуттукта президент өзү дайындай алса, коомдук телекөрсөтүүдө - уюштуруучулары. Ал эми байкоочулар кеңешин уюштуруучулар менен чыгармачыл жамаат көрсөтөт.

Бекташ Шамшиев: - Бакыт мырза, телерадио боюнча мыйзам долбоору эки күн талкyуланды. Биринчи күнү кабыл алынып, экинчи күнү да талкууланды. Мыйзам тегерегинде узак сөз болду.

Бакыт Орунбеков: - Коомдук телекөрсөтүү деген бул мамлекеттин жүзү. Анын аброюн көрсөтчү белги. Анын чечиш үчүн жалаң эле депутаттарды катыштырбай, коомчулуктун өкүлдөрүн кошуп коомдук угуу жасап коюшса болор эле. Башка пикирлердегилерди, башка партиялар, башка саясий күчтөрдүн пикирин угуп коюшса жакшы болмок. Бул мыйзамдын чийки экенин көрсөтүп турат. Бул мыйзам бышпай калганы көрүнүп калды.

Мына эртеси күнү эле ошол “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү кечээки күнү шашып кеткенин, осол иш жасашканын айтып чыгышпадыбы. Ошондуктан бул мыйзамдын кабыл алынышы Кыргызстандын аброюна, Кыргызстан президентинин аброюна жакшы нерселерди алып келбейт. Ошондуктан Курманбек Бакиев бул мыйзамга вето коюшун сурар элем. Эгер вето коюлбаса биз артка кеткен болор элек. Демократиядан артка чегиндик деп эсептейм.



Бекташ Шамшиев: - Ибрагим мырза, мыйзамдын улам-улам талкууланышы эмнеден улам болду? Бул фракциянын өзүнүн пикиринин жоктугунан улам болдубу же бул жерде саясий оюн болуп кеттиби?

Ибрагим Жунусов: - Эртеси күнү маселенин көтөрүлүшүн мен өзүм козгодум. Биз мыйзамга кайрылган жокпуз. Бир берененин бир абзацына кайрылдык. Муну эртеси күнү көтөрбөй койсок деле кете бермек. Мыйзам өткөн. Биз 8-берененин акыркы абзацына токтолдук. Бул жерде жыш улуттар жашаган жерлердегилерге дагы бир мүмкүнчүлүк берели деген ойдо мен кайра кайрылдым. Себеби ал биздин мыйзамда мурда бар болчу. Ал эми Бакыт мырзанын парламенттик угуу болсо жакшы болмок эле дегенине.

Биринчи ошондой сөз болгон. Бул комитеттен. 50% кем эмес болсо комитет кворуму жок өтпөшү керек. Ошол учурда комитеттин эки мүчөсү иш сапарда, мен ооруканада жатып калгам. Мен жок, үч эле адам катышып, комитетте парламенттик угууга коюп салган.

Мыйзамды талап кылган себебибиз мындай. Долбоор январда түшкөн. Чындыгында бул жерде кээ бир саясий оюндар болду, аны ачык эле айтышыбыз керек. Бул өтө маанилүү мыйзам. Менин билишимде бул мыйзам 1997-жылдан бери кабыл алынбай келген. Кээ бир кесиптештердин ич күйдүсү бар. Мен аны ачык эле айтайын.

Бакыт Орунбеков: - Коомдук телекөрсөтүү. 1-улуттук телеканал коомдук телекөрсөтүү болобу же болбойбу деген сөз болууда. Кыргызстан чыныгы демократиялык өлкө болгусу келсе чыныгы демократиялык принциптерди сактайлы. Болбосо бизде накта кыргызчылык, бийлик талашкан саясий топтордун күрөшү, бирөөгө жагынуучулук, бүгүлүп кызмат кылуу менен келатпайбы.

Бекташ Шамшиев: -Маегиңиздер үчүн чоң ырахмат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG