Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

ОЛИМПИАДАНЫН ОТУ ЖАПОНИЯДАН ТҮШТҮК КОРЕЯГА КЕЛДИ


Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Кабарларга ылайык, коомдук тартипти сегиз миңге жакын полициячы көзөмөлдөөдө. Түштүк кореялык адам укугун коргоочулар Кытайдын түндүк кореялык качкындарга жана тибеттиктерге карата жүргүзгөн саясатына нааразылык ирээтинде Олимпиада --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/B2DEF3E8-153E-4ACE-AE0E-D6FF549B3699.asp отунун эстафетасын буза тургандыктарын жарыялашкан.

Олимпиада оту Түштүк Кореяга Жапониянын Нагано шаарынан келди. Жапонияда дагы 26-апрелде Олимпиада шаманасынын жүрүшү антикытайлык иш-чаралар менен коштолду.

Маалыматтарга ылайык, Токио Олимпиада отун эстафета учурунда коргогон кытайлык сакчылардын тобун кабыл алуудан баш тартты. Андыктан Жапонияда Олимпиада отун 80 жапон полициячы кайтарып жүрдү.

Буга чейин Олимпиада отун ири нааразылык акциялары менен Лондон, Париж жана Сан-Франциско тосуп алган эле.

24-мартта Грекияда жагылып жолго чыккан шамана Бээжинге 8-август, Олимпиада оюндарынын ачылышына жеткирилет. Ага дейре Олимпиада оту дүйнөнүн беш континентиндеги 20 өлкө аркылуу өтүп, 137 миң чакырым жол басат.

Сүрөт news.bbc.co.uk интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG