Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:44

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын федералдык органдары элге билим берүүнү жандандыруу багытында кабыл алган мыйзам боюнча улуттук жумурияттарда балдарды мектепте эне тилинде окутууга чек коюла баштады. Жаңы мыйзам арибине ылайык мындан ары улуттук тилдерде окугусу келген окуучулардын саны класста 25ке жетпесе андай класстар жабылат. Элге билим берүүдөгү бул жаңылыкты Татарстан менен Хакасияда кантип кабыл алып атышкандыктарын ал жумурияттар өкүлдөрү «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде айтышкан.

Шайланган президент Дмитрий Медведев былтыр 30-март күнү Маскөөдөгү педагогикалык мамлекеттик университетте өткөн жолугушуу үстүндө улуттук долбоор алкагында элге билим берүүнү жандандыруу демилгесин көтөргөн. Ал жерде Медведев 20 аймакка, арасында Тверь, Москва, Новосибирск облустарына, Мордва, Чувашия жумурияттарына, Краснодар жана Краснояр крайларына мектептерди кошумча каржылоо үчүн каражат бөлүнөт деген. Ошол кадам менен озуп чыгабыз деген, бирок иш жүзүндө мунун зыяны да бар экенин жер-жерлерден келген маалыматтар айкындоодо, дейт Хакас мамлекеттик университетинин доценти Ирина Бутанаева.

ИРИНА БУТАНАЕВА: - Хакас жумуриятынын ордо калаасындагы шаардык №28-мектеп жабылууда. Ал федералдык органдардын жакында кабыл алган ар бир кишинин башына өлчөп каражат бөлүү мыйзамынан улам жабылууда. Ошол мыйзамга жараша класста 25ден кем эмес (хакас тилинде сүйлөгөн – ММ) окуучу болушу керек экен. Ал эми биздин жумуриятта хакас улутундагы атуулдар элдин бардык эсебинин 12 гана пайызын түзөт. Натыйжада класста 14-16 гана окуучу бар. Бул Абакан калаадагы хакастар балдарын окутушкан жалгыз мектеп эле. Анда 244 бала окуучу. Ал жабылгандан кийин башка мектептерде хакас тили өтсө да да бул (№28 – ММ) мектептегидей хакас элинин маданияты, тарыхы аларда өтүлбөйт. Ошондой эле андай мектептерде эне тил чөйрөсүн түзүү мүмкүн эмес.

«АЗАТТЫК»: - Жумурияттагы хакас элинин саны канча?

ИРИНА БУТАНАЕВА: - Алтымыш миңден артат. Көпчүлүгү айылдарда, Абаканда тургандары он үч пайызды түзөт. Дегинкиси, хакастар жалпы саны 80миңден ашат. Алтымыш миңден ашуун жумуриятта турушат. Алардын ичинен 20 миңи четте жашашат. Эмне дегенде бул жерде жашоо оор. Жумурият атын чакырган улут болгонуна карабай, хакастар калктын жалпы санынан аздык кылат. Ошол себептен биздин укук эске алынбоодо.

«АЗАТТЫК»: - «Хакас чирi» деген гезит чыгуучу эле. Хакас тилинде чыккан жалгыз басылма экенине карабай аны бийлик каржылабай салыптыр ошол себептен чыкпай калыптыр деген кеп бар. Ушул чынбы?

ИРИНА БУТАНАЕВА: - Ооба.

«АЗАТТЫК»: - Ал эмне дегенди билдирет?

ИРИНА БУТАНАЕВА: - Чир – жер. «Хакас жери» - дегенди билдирет.

«АЗАТТЫК»: - Ал жумурият каржылоосундабы же?..

ИРИНА БУТАНАЕВА: - Азыр каржыланат. Баары жайында. Мындай маселелер бизде дайыма болуп турат. Эми кезмет мектепке келди. Буга федералдык эмес жумурияттык министрлик күнөөлүү.

Экинчи маектешибиз Татарстан жумуриятынын Орусиялык президент алдындагы толук ыйгарым өкүлүндө маданият чөйрөсүн тейлеген Алмаз Файзуллин болду.

АЛМАЗ ФАЙЗУЛЛИН: - Бүтүндөй Орусияда, анын катарында Татарстанда, элге билим берүүнү жандандыруу аталышта демилге ишке ашырылып атат. Балдар аз окуган мектептер жабылууда. Айрыкча элет жердеги мектептерге күч келүүдө. Эмне дегенде айыл-кыштактарда негизинен татарлар турушат. Мектеби башка мектеп менен кошулганда аларга мурдагыдай татар тилинде сабак өтүлбөй калууда. Же такыр эле орус тилинде сабак өтүлүп калууда.

«АЗАТТЫК»: - Биз билгендей, президент Минтимер Шаймиев татар тилинде жакшы сүйлөйт, сиз болочок муундагы президентти да татар тилинде жакшы сүйлөйт деп ойлойсузбу?

АЛМАЗ ФАЙЗУЛЛИН: - Албетте, жакшы сүйлөйт. Татарстандын баш мыйзамына ылайык, баса бул кийин Орусиялык федерация менен Татарстандын аткаруу бийликтери ортосунда түзүлгөн келишимде чагылдырылган. Ал жерде «Татарстандын президенти мамлекеттик эки тилде тең сүйлөшү керек» - деп жазылган. Башкача айтканда, орусча жана татарча.
XS
SM
MD
LG