Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

28-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Мамыр баштаган каракулжалык кыргыздар Кокон хандыгына каршы козголушуп, 1870-жылдын бу күнү Ташкентте «Туркестанские ведомости» гезитинин биринчи саны жарык көргөн.

Мамыр баштаган каракулжалык кыргыздар 1874-жылдын бу күндөрү Кокон хандыгына каршы козголушуп, Анжыяндан 8 чакырым алыстыктагы Курган бадамды басып алышкан. Козголоңчулардын саны 5-6 миңге чамалап, ал аймактагы Кокон бийлигине коркунуч жараткан. Муну туйган Кудаяр хан аларга каршы 2 миң сарбазды аттандырып, козголоңду басууга жетишкен.

Кыргыз АССР Кеңешинин Экинчи съезди 1929-жылы Фрунзе шаарында өткөрүлгөн. Съезд 25-апрелде ишин баштап, 30-апрелде соңуна чыккан. Кеңеш жыйынында Автономиялык Республиканын Конституциясы кабыл алынып, жыйындын төртүнчү күнү делегаттар Негизги мыйзам жана мамлекеттик символдор айланасында пикир алмашышкан.

СССР Жогорку Кеңешинин X сессиясында, Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы Төрөбай Кулатов 1944-жылдын 28-апрелинде сөз сүйлөп, республиканын эмгекчилери фронтко 300 вагон белек, аскерлер үчүн 600 миңден ашык кийим-кече, самолет жана танктарды жасоого 200 млн рубль акча бергендигин билдирген.

«Туркестанские ведомости» гезитинин биринчи саны 1870-жылдын бул күнү Ташкент шаарында жарык көргөн. Ал Түркстан аймагындагы колониалдык бийликтин расмий маалымдоо каражаты катары, Россиянын ички саясий көз карашын чагылдырган жана чөлкөмдөгү коомдук, чарбалык турмушту кабарлаган. Мындан тышкаары гезитте араб графикасы менен «Приложения» деп аталган тиркемесинде өзбек тилинде материалдар жарыяланып турган.

СССР Жогорку Советинин Президиуму 1976-жылдын 28-апрелинде «Н. К. Крупская атындагы» Орус драма-театрын «Эл достугу» ордени менен сыйлоо туурасында жардык чыгарды.

Эларалык эмгек уюмунун (МОТ) 2001-жылкы чечимине ылайык, бул күн эмгекти коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет.

Б. з. ч. 585-жылдын 28-апрелинде күн тутулуп, Лидия менен Мидия хандыктары ортосундагы согушту токтоткон.
Бахаи дин өкүлдөрү бу күндү Жамал же Сулуулук майрамы катары тосушат.

1896-жылы Дж. Дункан адрестей турган машинаны, 1914-жылы Каррьер кондиционерди патенттеген.

1932-жылдын бу күнү сасык тумоо вакцинасы ойлоп табылган.

1957-жылдын бу күнү туугандашкан шаарлардын Бүткүл дүйнөлүк федерациясы негизделген жана буга багышталган майрам салтанаты, ар жылкы апрель айынын соңку жекшембисинде белгиленип келет.
XS
SM
MD
LG