Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

АКЫН ОЛЖОБАЙ ШАКИР: “МЕКТЕПТЕ “2” АЛЫП ОКУГАМ”


“Азаттыктын чыгармачылык кечесинде” таланттуу акын жана прозачы Олжобай Шакир арак Кыргызстандын кыштактарынын баарын жинди кылып бүткөндүгүн, Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы билим берүү усулу жакпагандыктан атайылап жогорку билим албай койгондугун айтты.

Улан: - Эң күчтүү күрөш – сиздин оюңузча кайсы күрөш?

Олжобай Шакир: - Өзүң менен өзүң күрөшкөндөн ашкан кыйын күрөш жок! Ошо өзүм менен өзүм алпурушкан түшүнүксүз жагдайды “Жанмаанай” деген ырымда минтип чагылдырдым:

Өзүм менен өзүм болуп тунжурап,
Айталаада капкараңгы түн жиреп,
Тынч жай издейм… Тынчтыкта да тынчтык жок!
Жанымды жай койбос болду бул жүрөк.

Бир бурч мага жетет эле... Бул тапта
Мен өзүмдөн кайда качып кутулам?
Жетер жерге жетип теним муздаса,
Санаанын да жете турган учу бар.

Бейестердин арасында караңгал,
Бейес мен да, бейестерге таянган.
Санаасы жок жашап өтүп кетсем дейм…
Бирок санаа тартып калар балам бар.

Аза бойду азар басып турганда,
Эгер жанда адам болуп сырдашар,
Өрөпкүп мен өпкөм тийбей өпкөгө, -
Жеңилденип албайт белем ыйласам.

Азап, азап жаш чыкпаса көзүңдөн, -
Көөдөндө бир бук жетелейт озунган…
Көзүм жеткен көп нерседен алдандым,
Көңүл сууду душманды кой, досумдан.

Кездер болду түз жол чыгып алдымдан,
Келди-кетти кыялдарга алдырган...
Кээде туруп өз башымда чоң азап –
Мага күйбөй тургандарга кайгырган.

Өзүм менен өзүм азыр тунжурап,
Айталаада капкарагы түн жиреп,
Тынч жай издейм… Тынчтыкта да тынчтык жок!
Жанымды жай койбос болду бул жүрөк.


Алып баруучу: - Олжобай-акын дагы суроо күтүп атат.

Нестан: - Олжобай агай, айылдан, анан шаардан көңүлүңүз калган учурларыңыз болду беле?

Олжобай Шакир: - Бир курдай өзүмдүн туулган жериме барып, бир нерсеге зээним кейиди. Тиги бакта деле, бул бакта деле жалаң терек сүзүп олтурган мастар. Ошондо “Жинди кыштак” деген ыр жаздым. Көрсө, Кыргызстандын бүт эле кыштактары ушундай илдетке чалдыккан экен. Байкап көрүңүздөр.

Бүчүр байлап теректери дүпүйгөн,
көктү карай түтүн булап бүт үйдөн,
кезүү-кезүү күтүрөгөн малы бар,
айыл эле туш-тушунан ит үргөн.

…Айыл эле аттигиниң кышын-жай
абасында нандын, сүттүн жыты урган,
азыр болсо нан, сүт эмес… буркурап
айыл болду арак жытын учурган.
А бир кезде бейпил жаткан бул кыштак
итти дагы жолотчумес кутурган.

Бүгүн болсо ит кеп эмес кутурган,
адамдар бар иттен өтүп жутунган…
тең жарыша түбүн жалап шишенин
аял дебей, эркек дебей бүтүн жан,
кууп ичер айыл болду аракты,
калбаса да тасмалында күкүм нан.

Айыл эле бейпил турмуш кечирген,
тентектерин тыйып коёр эсирген.
Ырыс-куттуу айыл эле бир кезде,
уулдары улуулардан бекинген.
Улагада кыз-кыркыны кысынар,
уяң эле жалгыз бойлуу жесирлер.

А бүгүнчү?.. Бүгүнкүсү курусун…
өзөк өрттөп, тынчымды алган муң үчүн:
«Бүт кыргыздын жинди бүгүн кыштагы!»
дегим келет. Кыйрап калар улутун
сактай турган көсөмдөрүң чыгабы?
Асмандагы ачылабы булутуң?!

Бир кезекте баары тегиз кырмандар
кыйрагандай, жакынкыле жылдарда
кыргыз кыйры кыйрап жатат четинен,
кыштак сайын издеп таппас ыймандай,
теректердин көлөкөсүн издесең,
терек эмес, мас жолугат ыргалган.

Бүчүр байлап ыргалгандай теректер,
бүгүн жалаң ыргалган мас – элет жер,
мас боюнча төрөлүүдө бөбөктөр!


Алып баруучу: - Эми Нестандын суроосунун экинчи бөлүгүнө жооп берсең. Шаардан көңүлүң калган учур жөнүндө?

Олжобай Шакир: - Биздин шарттагы кутудай-кутудай болгон кабат үйлөрдө жашаш – өзүнчө бир тозок эмеспи. Суунун шарында, тоонун койнунда мал багып өскөн биздей балдарга ал – камактай эле нерсе да. Шаарда бир үп болуп – кыйналып олтурганыбызда мындай бир ыр жазылды эле:

Шаар турмушу

Шаар укмуш үп болуп,
шалдаят бой жүк болуп.
Кетип калсам айылга,
келет элем күч толуп.

Көздөн учуп көлөкө,
көлөкөлөп терекке…
куйгуң келет жон ылдый
суу толтуруп челекке.

Жамгыр тилейт айланам,
жай күнүндө кайнаган.
Шамал болсо булутту
шаар жакка айдаган.


Алып баруучу: - Дагы суроо.

Сүйүн: - Олжобай агай, Кыргызстанда баары эле жогорку билим алып жатышат. Сизге жагабы ушул?

Олжобай Шакир: - Өзү турмушка керектүү билим алып жатасыздарбы? Сиздердин окуйбуз деп келген жакшынакай максатыңыздар менен мамлекет чайкоочулук жасап жаткандай. Окутумуш болуп атат. Акчаңарды алып атат. А эртең көпчүлүгүңүздөр жумушсуздардын армиясын толуктайсыздар.

Мыкты билим берип аткан Кыргыз-Түрк “Манас” унверситети, Бишкектеги Америка университети кыргыздын патриотун даярдайбы? Менимче шектүү... Кыргыз айтат: “Капканга гана бекер быштак коюлат,” – деп...

Алып баруучу: - Байкашымча, эми сенин өзүң жөнүндөгү маалыматтарга катуу кызыгып жатышат. Кайдан келген беренсиң?

Олжобай Шакир: - Мен жогорку окуу жайын бүтүргөн эмесмин. Опера, балет театрынын студиясын бүтүрүп, Консерваторияда окуп атканымда кетип калгам. Акча алып – экзаменде баа койгон, зачёт койгон профессорлордун колунан диплом алгым келбейт...Чыгармачыл, эркин адамга диплом эмес, билим керек. Мен билимди өз алдымча алып жатам.

Бир жолу туугандарым, ата-энем менен олтуруп, “Китепканага силерге караганда мен алда канча көп барам, мен өтө көп карызмын,” – деп чындыкты айтсам чычалашат... Өзүм Атбашыданмын. “2” алып, “3” алып окугамын мектепте. Бир жолу жазуучу болом келечекте деп жат жазуу жазсам, каталары толо экен, агайым шылдыңдап, бүт мектепке көрсөтүп чыкпаспы...

Зыйнат: - Олжобай агай, сиз калемакыга кызыгасызбы?

Олжобай Шакир: - Кадимкидей эле гезит-журналдарга чыгармаларымды саткым келет. Ушул тилегим азыр аткарылуу алдында. “Де факто” гезитине “Чатыр” деген бир повестимди жарыяладым эле, көп гезиттер бизге да бер чыгармаларыңдан деп телефон чалышууда. Мен акча төлөгүлө, баасы мынча деп – кызылдай эле соодалашып баштадым. Мунун уяты жок. Чыгармамды сатып – нанын жесем өзүнчө ырахат болуш керек.

Кечени алып барган Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG