Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

ИРАН: КОНСЕРВАТОРЛОР ПАРЛАМЕНТТЕГИ КӨЗӨМӨЛҮН БЕКЕМДЕДИ


Иранда өткөн жума күнү парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы болду. Натыйжада консерваторлор парламенттеги көзөмөлүн дагы бекемдей алды. Анткен менен консерваторлор да ичи ара экиге бөлүнөт. Бир тарабы президент Махмуд Ахмадинежадды колдосо, экинчилери өзгөчө анын экономикалык саясатын сынга алышат. Айрым байкоочулар президентке жаңы парламент менен иштешүү кыйынга турарын белгилешүүдө.

Иран парламенти 290 орундан турат. Өткөн жума күнү шайлоонун экинчи айлампасы 82 округда өткөрүлдү. Негизинен консерваторлордун реформачылардын үстүнөн жеңиши шайлооонун 14-мартта болгон биринчи айлампасынын соңунда эле камсыздалган болчу. Эми эки айлампадан соң, расмий маалыматка караганда, консерваторлор парламенттеги орундардын 69пайызын жеңип алды, реформачыл күчтөр болгону 16 пайызга ээ болду.

Өлкөнүн ички иштер министри Мустафа Пур -Мухаммадинин журналисттерге билдиргенине караганда, көз карандысыз күчтөргө парламенттеги орундардын 14 пайызы тийди.

Анткен менен өзү консерваторлор лагеринин өкүлү болгон президент Махмуд Ахмадинежадга жаңы парламент менен өзгөчө экономикалык маселелерде иштешүү оңой болбойт окшойт, ал күчтүү оппозицияга кабылары күтүлүүдө. Тегерандык көз карандысыз журналист Иса Сакархиз мындай дейт:

-Маселе парламентке кээ бир байистүү адамдар жана Ахмадинежад мырзанын консерваторлор арасындагы атаандаштары шайлангандыгында. Менимче, өкмөт өзгөчө экономиканы талкуулоо учурунда олуттуу көйгөйлөргө туш болот. Кээ бир учурларда кырдаал кризистин чегине барышы мүмкүн.

Алсак кызмат мөөнөтү аяктаган парламенттин спикери Гулам Али Хадед – Адел президенттин экономикалык саясатын кескин сынга алып жүргөндөрдүн, келерки жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болот делгендердин бири. Ал парламентке Тегерандан кайра шайланган эле. Президент Ахмадинежад соңку апталарда мыйзамдардын ишке ашырылышы боюнча анын менен да ачык кайым айтышууга барды.

Ал эми өткөн аптада Ирандын сот бийлигинин башчысы аятолла Махмуд Хашеми Шахруди президент Ахмадинежадды "көбүртүлүп, жабыртылган, реалдуу эмес, ураан –чакырыктарга негизделген" кампания өткөргөнү үчүн басма сөз аркылуу айыптап чыкты. Анын мындай сөздөрүн таасирлүү "Хамшахри" гезити да жарыялады.

Мунун алдында президент Ахмадинежад ал өзү айткандай жогорку кызматтардагы "экономикалык мафия" менен "коррупцияланышкан" адамдарга "ачык согуш" жарыялаган эле. 16-апрелде Ком шаарында сүйлөгөн сөзүндө ал экономикадагы кемчиликтер үчүн кээ бир министрлерди жана "чет элдик душмандарды" айыптаган эле. Ахмадинежад кызматтан алган экономика министри Давууд Даниш Жафари болсо өткөн атада экономикадагы кризис үчүн жоопкерчиликти кайра президентке жана анын жакынкы айланасына жүктөдү.

Келерки айда экинчи мөөнөткө шайланууну көздөп жаткан президент Ахмадинеджад экономикадагы кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып жибергени үчүн айыпталууда. Айрым эксперттердин айтымында, өлкөдө инфляциянын чыныгы көрсөткүч 30 пайызга жакындап барган. Ал эми расмий булактар 18,5 пайыз деп көргөзүшкөн эле.

Батыш болсо Ирандагы бул жолку шайлоодо да консерваторлордун жеңишине шектенүү менен карады. Кошмо Штаттар анын жыйынтыгы күн мурунтан аныкталган деп эсептейт. Реформачылардын жүздөгөн талапкерлери аларды Ислам революциясынын идеяларына берилгендигин жана аны коргоону улантууга жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн электен өткөрүү жараяны учурунда жарыштан чыгарылды. Талапкерлерди электен өлкөнүн диний көсөмү аятолла Али Хаменейиге гана баш ийген Көзөмөл кеңеши өткөрөт.

Ирандагы консерваторлор 1979-жылкы Ислам революциясынын принциптерин кынтыксыз сактоонун жактоочулары. Ал эми реформачылар экономиканы либералдаштырып, анын артынан социалдык өзгөрүүлөрдү алып келүүнү көздөшөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG