Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

И.ЧУДИНОВ: “СУУНУ ҮНӨМДӨБӨСӨК ЭМДИГИ КЫШТАН ЧЫГУУ КЫЙЫН”


26-апрелде кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов Камбарата-2 ГЭСинин курулушу менен таанышып, Токтогул суу сактагычындагы абалды калыбына келтирүү чараларын жети облустун жана гидроэнергетика тармак жетекчилери менен бирге кеңешме өткөрүп, талкуулады. Кеңешмеден кийин өкмөт башчы “Азаттыктын” кабарчысынын жана башка журналисттердин суроолоруна жооп берди.

-“Азаттык”: -Токтогул суу сактагычында абал кандай экен? Алгач ошондон маалымат берсеңиз.

- Суу сактагычта азыр алты жарым миллиард суу бар. Тилекке каршы, келип жаткан суунун көлөмү суткасына 235 миллион кубметрди түзөт жана ал былтыркы жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге аз. Биз суу сактагычтын үстүнөн учуп, Нарын өрөөнүндөгү карды карасак кардын деңгээли да 3 миң метрге төмөн экен. Бул быйылкы жылдын катаал болорунан кабар берет. Бүгүнкү жумушчу жыйында гидрометеорологдор берген маалыматка караганда, жайкы мезгилде 9 миллиард кубометр гана суу келет. Биз өлкөнүн ичиндеги пайдалануу үчүн жайкы мезгилде төрт жарым миллиард кубометр сууну коротобуз. Муну эсепке алганда жайында келе турган суу жетпейт. Ошондуктан октябрь айына чейин биз 11,5 милиард кубометр суу топтошубуз керек. Ошон үчүн бүгүнкү жумушчу жыйында сууну үнөмдөөнүн жолдорун тармактын бардык жетекчилеринин катышуусу менен талкууладык. Ага бардык облустардын губернаторлору да катышты. Алар үнөмдөөнүн планын даярдай турган болушту. Өкмөт жыйынында айтылгандай, электр энергиясын пландуу түрдө өчүрүүдөн кайра артка кете албайбыз жана ансыз быйылкы кыштан чыга албай калабыз. Андан тышкары электр станциялары кышка катуу даярдык көрүп, Бишкек ТЭЦиндеги 14 казандын иштешин камсыз кылып турушу зарыл. Ошондо Бишкек ТЭЦи жайкы мезгилде 350 мегаваттык кубаттуулукту кармап турууга жетишет. Азыр Бишкек ТЭЦи 130 мегаваттык кубаттуулукту кармап турат жана ал мурдагы жылдарга салыштырмалуу 11 пайызга көптүк кылат.

Азыр көп маалымат каражаттары электр энергиясы жетпей жатат деп жазып жатышат. Бул туура эмес. Биз өзүбүзгө зарыл энергияны өндүрүп чыгара алабыз, бирок Токтогул суу сактагычындагы суу кышта жетпей калат. Ошондуктан, элге кыштан жакшы чыгуу үчүн жайкы мезгилде электр энергияны өндүрүүнүн көлөмүн 20-25 пайызга кыскартууга муктажбыз.

-“Азаттык”- Электр энергиясы менен суу коңшуларга жең ичинен сатылган жокпу?

- Албетте, жок. Биз өзүбүздүн ички пайдалануубузга зарыл сууну гана агызып жатабыз. Себеби, азыр экспорттоого эч кандай келишим жок. Ал тууралуу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосунда төрт тараптуу келишим түзүлмөйүн андай болбойт. Андан тышкары азыр “Электрстанциялар” акционердик коому Тажикстандан 350-500 миллион киловатт саат электр энергиясын алуу жана аны бизде кырдаал жакшырганда кайтарып берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жатат. Бул тууралуу жумушчу кеңешмеде айтылды. Албетте, электр энергиясын импорттоп алсак ага корочу сууну үнөмдөп кала алабыз.

“Российская газета”:-Токтогул суу сактагычындагы азыркы кырдаал министр Сапарбек Балкыбековдун кийлигишүүсү менен Тажикстанга көп суу сатылып кеткенден кийин пайда болду деген маалыматтар бар?

-Бул болбогон кеп. Сиздер сууну агызуунун бекитилген графиги жана аткарылышы тууралуу маалыматты ала аласыңар. Бул жабык маалымат эмес. Андай ишти жөн жерден жасаганга болбойт. Ал мамлекеттер аралык түзүлгөн келишимдин негизинде жасала турган аракет.

24.kg агенттиги: “Дело №” гезити энергетиктер электр энергиясын пайдаланган ар бир адамды эсепке албагандан улам ушундай кырдаалга кептелди деп жазып чыкты. Чын эле ошондойбу?

-Бул электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын оорусу. Аларга жоготууларды токтотуу боюнча кичине эле басым болсо, ишканалардын “акылдуу” жетекчилери жылчык таба коюшуп, аты-жыты жок адамдардын абоненттик эсептерине дебитордук карыздарды иле салышат. Аны биз талдайбыз. Башкы акционер болгон Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет да иликтөө жүргүзөт. Эгер мурдатан бери эле электр энергиясы товар деген түшүнүк болсо, мындай ишке эч ким бармак эмес. Анткени, бул бөлуштүрүү компания жетекчисинин гана уурдоосу болмок. Бул тармакты реформалоону кечеңдетүүнүн кесепети.

“5-канал” телеканалы:- Камбарата-2 ГЭСин куруу кандай жүрүп жатыптыр?

-Камбарата-2 ГЭСин куруу үчүн бюджеттен 699 миллион сом бөлүнгөн. ГЭСти куруунун башкы заказчысы болгон “Электр станциялар” ишканасынын жетекчисинин билдирүүсү боюнча, курулушту жүргүзүү планын так кармоого терс таасирин тийгизген бир катар жүйөөлүү учурлар бар. Биринчиси, февраль айында күндүн катуу суук болушу мартта курулуш нормаларын сактап иштөөгө мүмкүнчүлүк берген жок. Бирок, азыр бетон кую мөөнөтүнөн мурда жасалып, апрелде 6,5 миң тонна бетон куюнун ордуна 8 миң тонна бетон куюлду. Бул жерде бир-эки гана проблема бар. Анын эң башкысы-кадрлардын жетишсиздиги. Бул боюнча, өзүнчө кеңешме өткөрүп, керектүү кадрларды даярдоо планы даярдалат. Ага ылайык, бюджеттик каражатка окуган 50 миң студенттин ордуна азыр ушундай улуттук ири курулуштарга зарыл инженер-куруучу, инженер-гидрокуруучу кесибиндеги адистерди даярдайбыз. Тилекке каршы, быйылкы окуу жылы боюнча бюджет бекип калган, эми сентябрдагы жаңы бюджетке башка адистерди окутуу структурасын киргизебиз.

“Азаттык”: –Камбарата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты эмдиги жылы декабрда ишке берилээрине ишенесизби?

- Агрегатты ишке киргизүү мөөнөтүн эч ким артка жылдырган жери жок жана ага зарыл каражаттар өз убагында берилип жатат.

“Азаттык”:- Эгер Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болуп жатса, жаңы ГЭСти ишке киргизүү мүмкүнбү?

- Бул жерде суу менен жаңы курулушту байланыштыруунун кереги жок.

XS
SM
MD
LG