Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ: ЭЛ ШАЙЛАГАНДА ГАНА КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕС СОТ БОЛОТ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларында Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов менен сот тармагындагы реформанын проблемалары жөнүндө сөз болду.

- Бүгүн парламент сот тармагынын маселелери боюнча атайын угуу өткөргөнгө камданып жатат. Биз ушул өңүттө сот реформасынын айланасында сөз кылсак. Соттордун VI курултайында президент Курманбек Бакиев Конституциялык реформадан кийин сот системасын өркүндөтүүгө шарт түзүлдү деп билдирди. Ошол шарттарды сиз эмнеден көрүп жатасыз?

- Былтыркы октябрда референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияда жаңылык болгон. Сотторду өзүн-өзүн башкаруу органдары түзүлүш керек деген Съезд жана Соттор Кеңеши деп. Эми жаңылардын Конституцияга ылайыкташтырылып түзүлгөн соттордун кеңеши болду го менин байкашымча. Эми Соттордун Кеңеши бул көбү эле судьялардын укугун коргой турган орган биринчи кезекте. Экинчиден, жергиликтүү соттордун, президент айтты, бардык соттордун, анын ичинде Жогорку Соттун дагы бюджетин түзө турган жана бюджеттин аткарылышын текшерүүчү орган болот деп.

- Бул эми соттордун көз карандысыздыгына умтулган маселе катары айтылып жатат да.

- Материалдык, финансылык көз карашын, тартипти сактоо боюнча кандайдыр бир жылыштар болуп жаткан дейт. Бирок таптакыр көз карандысыз кылып коюш Соттор Кеңешин деген пикир бул жаңылыштык болот деп ойлойм. Ал эми жергиликтүү соттордун бюджетин түзүүдө ошол Соттор Кеңешинин ролу жакшы болмок. Бирок Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун бюджетин түзүүдө Соттор Кеңешине менин кичине шегим бар. Президент сөзүндө айтып кетпедиби мурда тийиштүү деңгээлде Жогорку Сот менен Конституциялык Сот гана тейленчү каржылык жагынан. Анткени, алардын жетекчилери өкмөт жана парламент менен сүйлөшө билген деген ойдо айтып жатат. Бул Соттор Кеңеши дээрлик жергиликтүү соттордун иштерин аткарса жакшы болмок.

- Ошол соттордун көз карандысыздыгы деген маселе бул өтө талылуу маселелердин бири. Сиз айтып жатпайсызбы толук көз карандысыздыкка алып бара турган жол деп айтууга болбойт деп. Сиз ушул көз карандысыз болуш үчүн Кыргызстандын шартында эмне керек деп ойлойсуз?


- Кыргызстандын шартында соттордун бардык звенодогу облустук, райондук, Жогорку Cоттордун судьяларын, мен ойлойм, эл аркылуу эгер шайлай турган болсок ошондо көз карандысыз болоор эле. Анан айлыгы үч-төрт эсе көтөрүлдү дейт, айлыкты дагы көтөрүп анан эл тарабынан шайлатып койсок жакшы болмок.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG