Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

“Азаттыктын” түз ободогу маектеши Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов.

- Ишемби күнү Каркыра жайлоосуна жана төрт пансионатка байланыштуу кыргыз-казак келишимдерине каршы Ысыккөлдө нааразылык акциясына чыккан оппозиция жалданган адамдардын ур токмогуна кабылды. Алар акциясын токтотууга аргасыз болушту. Сизди да ошол жерде болду деп уктук. Сиз тилектеш катары барсаңыз керек. Мен билгенден Социалдар-демократтар фракциясы “Акыйкат үчүн” кыймылында жок да.

- Албетте, тилектеш катары барып катыштым. Баарыбызга маалым болгондой, бул акцияга каршы бийлик тарап мыйзамсыз күч колдонуп, ар кандай ыкмаларды колдонуп, ал акцияга катышкандарга күч колдонуп токтотуп, элдердин бир тобу жаракат алгандай болду. Ар кандай нерселерди ыргытышты. Жумурткалар ыргып жатты. Куралдуу күчтөрдүнбү, ички иштер министрликтинби ошол жердеги түшүнүксүз жаш балдардан бери, аял кишилерден бери даярдалган экен. Катышуучуларга күч көрсөтүү боюнча провокация жүргүзүлдү.

- Мындай көрүнүштөр албетте, алгачкы жолу болуп жаткан жок. Бирок, сиз салыштырып көрдүңүзбү. Кандай айырманы көрө алдыңыз бийлик менен оппозициянын ортосунан?

- Эми мунун эң негизинде кыймылдын абийирин кетирүү үчүн, элге ошол кыймыл кандайдыр бир терс нерсени алып келет же болбосо зыяндуулукту алып келет деген үгүттөө болуп жатат. Негизинен өзүлөрүнүн жарандык, конституциялык укугун айтууга тоскоолдук кылуу - тыйуу салуунун эң бир начар түрү.

- Албетте, эми демократиялык Кыргызстанда ар бир адамга өз пикирин билдирүүгө мыйзам уруксат берет эмеспи. Ошол эле мезгилде оппозиция ушундай жагдайга кирипдер болду. Сиз “Акыйкат үчүн” кыймылынын бул жерде катачылыгын көрө алдыңызбы?

- Эми кандай нерсе болсо да бул бийликке каршы жасаган иш чара болуп жатат. Дагы бир жолу жалпы элге маалымат жетпей жатканы белгилүү болуп турат. Жер-жерлерде. Ушундай нерсени ошондой жерден айтып, элдин пикирин угууга коомдун толук мүмкүнчүлүгү жана мыйзам боюнча толук акысы бар. Ошондуктан мен ойлойм, бул жерде катачылык деле кеткен жок.

- Социал-демократтар фракциясынан сизден тышкары дагы Роза Отунбаева барган экен. Сиздер парламентте ушул маселенин айланасында кандайдыр бир маселе көтөргөнгө мүмкүнчүлүгүңүздөр барбы? Кандай пландарыңыздар бар?

- Эми бүгүнкү күндө мындай нерселер боюнча бир маселе көтөрүү же андан бөлөк орчундуу маселелер боюнча парламентте талкуу өтүп жаткан кезде бизге болуп жаткан мамилени деле көрүп жатасыздар да. Бирок албетте ошого карабастан бул маселени официалдуу бийликтин мүчөлөрүнө, жетекчилерине жеткиргенге аракет кылабыз.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG