Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

11:32 Марат Токоев: Сөз эркиндиги улам барган сайын чектелүүдө


“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, өткөн аптада Жогорку Кеңеште кабыл алынган “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” жөнүндөгү мыйзам өтө шашылыш түрдө кабыл алынганын, бул кадам сөз эркиндигинен, демократиялык жолдон кайра кайтуу, артка чегинүү болгондугун билдирди. Анын айтымында, жарандык коомдун өкүлдөрү, ММК тармагында иштеген адистер чукул арада кеңешип, өлкө башчысын бул мыйзамга кол койбоого чакырган кайрылуу жолдошот. “Бул мыйзам күчүнө киргенден тартып, көптөн бери биз умтулуп келаткан коомдук телекөрсөтүү түзүү идеясы токтоп калат. Бул жерде УТРКнын ЭлТРден айырмасы болбой калып атат. Анткени, өзүңүздөр көрдүңүздөр, президент ЭлТРдин жетекчиси Кадыр Кошалиевди өзү эле алып салбадыбы. Бирок аны теле каналдын коомдук кеңеш билген эмес. Ошондуктан азыр үмүтүбүз деле үзүлүп баратат”,- дейт Марат Токоев. (IJz)

XS
SM
MD
LG