Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

12:22 Хаген Гунтер Юнг: Майлуусуудагы суунун сапаты канаатандырарлык эмес


Германиянын өкмөтүнүн алдындагы Геологиялык илим жана табигый ресурстар боюнча федералдык институтунун жетекчиси, доктор Хаген Гунтер Юнг маалымат жыйынында, уран калдыктары көмүлгөн Майлуусуудагы суунун сапатын изилдөө учурунда, анын денсоолукка зыяндуу экени аныкталганын билдирди. Дүйнөлүк банктын каржылоосунда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте уран калдыктары көмүлгөн жерлердеги элди таза суу менен камсыз кылуунун үстүндө иш алып барган бул агенттик, Майлуусуудагы жер алдындагы сууларда химиялык жана радиологиялык көрсөткүчтөр адаттагыдан жогору экендигин аныкташкан. Ошондой эле Хаген Гунтердин айтымында, уран калдыктары көмүлгөн жерлердеги суунун сапатын жакшыртуу боюнча кыргыз өкмөтү менен кызматташтык улантылары пландалып жатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG