Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

12:47 Евразия фонду жарыялаган кичи гранттардын жеңүүчүлөрү аныкталды


Дүйнөлүк банк менен Борбор Азиянын Евразия фонду жарыялаган кичи гранттарды алуу конкурсуна бул жылы Кыргызстандын бардык региондорунан 120 долбоор катышкан. Кичи гранттардын жалпы суммасы 51,491 долларды түзөт. Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган он үч долбоордун төртөөнү Борбор Азиянын Евразия фонду каржыламакчы. “Бул жылы биз калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө багытталган, атап айтсам негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, үй-жайсыз балдардын сапаттуу медициналык кызматтарды алуусуна жардам бере турчу долбоорлорду каржылап жатабыз”,- дейт Борбор Азия Евразия фондунун аткаруучу директору Эдвард Винтер. (IJz)

XS
SM
MD
LG