Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында президент курултайда сөз сүйлөйт. Президенттин сөзү партиянын алдыдагы милдет, максаттарына байланыштуу болуп, бирок негизгинен экономикалык маселелерге багытталат. Курманбек Бакиевдин демилгеси менен түзүлгөн “Ак жол” партиясынын курултайы 29-апрелде Бишкектеги Опера жана балет театрында болот.(AiT)