Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

14:12 Максим Кулешов: Бишкек шаар прокуратурасы мэрди балдардын укугун бузду деп эсептебейт


Токмок шаарынын адам укуктары боюнча ресурстук борборунун жетекчиси Максим Кулешов, Бишкек шаардык прокуратурасына жолдогон мэр Данияр Үсөновду балдардын укуктарын бузган иш-аракеттери үчүн жазага тартууну өтүнгөн арызына жооп алганын билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаар мэри бир канча жолу тарбиялоо жана шаарга болгон сый-урматты жогорулатуу максатында окуучулар эс алуу күндөрү ишембиликтерге чыгып, таштандыларды тазалашы керектигин айтып, коомчулукту адаштырып жатат. Анткени, Бишкек шаар прокуратурасы берген жоопто, шаарды өнүктүрүүгө багытталган “Сүйүктүү шаар” программасында мектеп окуучуларын ишке тартуу каралган эмес. “Андыктан, балдары мектепте окуган ар бир ата-эне окуучулар мындай ишке тартылган учурда прокуратуранын бул жообуна таянышса болот. Прокуратура эмне себептен мэрдин мындай билдирүүлөрүнө карата чара көрбөйт, алар эмне мындай билдирүүлөрдү укпай уктап отурушабы”,- дейт Максим Кулешов. (IJz)

XS
SM
MD
LG