Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

17:12 Өкмөт согуштун ардагерлерине төлөнчү жөлөк пулдун өлчөмүн аныктады


1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушка катышкандарды колдоого алуу боюнча президенттин жардыгын ишке ашыруу максатында, кыргыз өкмөтү согуштун ардагерлерине төлөнчү жөлөк пулдардын өлчөмүн аныктаган токтом чыгарды. Ага ылайык Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарына, туткунга түшүп келгендерге 2000 сомдон, каза болгон согуштун ардагерлеринин үй-бүлөлөрүнө, тылда мыкты кызмат көрсөткөндөргө 500 сомдон төлөнүп берилмекчи. Токтомду ишке ашыруу милдети Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлдү. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG