Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Бишкекте "Туризм жана саякат - BITF 2008” жарманкеси ачылды


Бишкекте “Туризм жана саякат - BITF 2008” жарманкеси жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөнүн катышуучуларынын көпчүлүгү Кыргызстандын облустарынан келген кол өнөрчүлөр. Алар кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдарын коюшту. Алсак боз үй, үй-тиричилигине керектүү нерселер жана зергер буюмдары. Ошондой эле тайган салып, куш таптаган мүнүшкөрлөр да катышты. Мындан сырткары Египет, Түркия, Болгария, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн өкүлдөр келген.

Дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанытуу жана ушул жааттагы мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоо менен бирге инвесторлорду тартуу максатын аркалаган бул иш-чаранын өтүшү Кыргызстан үчүн жакшы кадам болду деп эсептейт Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Айбек Молдокадыров.

-Себеп дегенде көп журналисттер келип коомчулукка Кыргызстанда тынч эмес деген маалыматтарды таратышы мүмкүн. Быйыл биз сезондун башталашында атайын ушул иш-чараны уюштуруп жатабыз. Бул биздин биринчи кадамыбыз. Мындан ары да мындай өңүттөгү иш-чаралар уланат.

Вашингтондогу “Ишкер адамдар” журналынын башчысы Юрий Сиговдун айтымында, АКШда көбүнчө Кыргызстан тууралуу терс маанайдагы маалыматтар таратылат. Ошондуктан чынында эле Кыргызстанга келгенге чейин ал башкача пикирде экен.

- Көрсө жаңылыптырмын, баары мен уккандай жана ойлогондой эмес экен. Көп нерселер таң калтырды.
Мисалы өлкөдө элдери кедей турушаары, дайыма пикет, митингдердин болуп атканы жана саясий абал начар экендиги айтылат. Эми өз көзүм менен көрүп таптакыр башкача экендигине ынандым
- дейт Юрий Сигов.

Юрий Сигов ошондой эле Кыргызстан туристтик мүмкүнчүлүктөрү кенен өлкө экенин жана бул тармакты өнүктүрүүгө көп аракеттер жумшоо керек экендигин кошумчалап өттү. Жарманке эртең кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө арналган конференция менен уланат. Ал эми 30-апрелде четтен келген журналисттердин катышуусунда жарманке Ысыккөлдө өтөт.

Бул жарманке Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин бул жылга белгилеген алгачкы иш-чарасы. Алдыда дагы кыргыз элинин маданиятын, үрп-адат, каада-салттарын чагылдырган фестивалдарды уюштуруу максаттары бар.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG