Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

26-апрелде орун алган Ысыккөлдөгү окуялар “ --> http://www.azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/04/CF85A8DC-C754-4D7D-A300-6618962A0448.asp жөө жүрүш, митинг, пикеттерди өткөрүү коопсуз эмес экенин көрсөттү. Айрым байкоочулардын пикиринде, учурда бийлик оппозиция уюштурган акцияларды басуунун жолун билип алды. Ошондуктан оппозиция лидерлери алдында күрөштү мындан ары кандай жол менен жүргүзүү керек деген суроо кабыргасынан коюлуп, оппозиция өкүлдөрү ушул маселенин үстүндө баш катырып жаткан кези.




Оппозиция лидерлери Түптө башталган жөө жүрүштү убактылуу токтотууга атайын даярдалган кутумчу, чагымчылардын мыйзамдык, адамдык чектен чыккан жапайы кыймыл-аракеттер себеп болгонун айтышууда. Ал жерде оппозиция лидерлеринин бири Болот Шерниязовго кол салуунун болгону, болгондо да ал окуя облустук, райондук бийликтин жана милиция, коопсуздук кызматкерлеринин көзүнчө болгону кооптондурат дешет алар.



“Ыйык Ата Журтту коргоо” комитетинин штаб башчысы Азимбек Бекназаров бийлик эч нерседен кайра тартпай калгандыктан, элдин кызыкчылыгы үчүн жүрүштү убактылуу токтотуу чечимине келишкенин 26-апрелде элдин алына чыгып сүйлөгөндө билдирди:

-Биз бүгүн тайм-аут алалы. Булардын бетпактыгын көрүп туруп, аларга өчөшүп бөөдө бир кагылышууга, бир жаманчылыкка жол бербейли деп штаб чечти. Бул бийлик кан төгүүдөн кайтпайт. Экинчи Аксыны кайталагандан коркпойт. Эртең кокус бир нерсе болсо да алар ошол Аксыдай болуп кайра өзүбүздү күнөөлөйт.



Өткөн жылы оппозициялык «Келечеги кең Кыргызстан үчүн!» бириккен фронт менен «Реформа үчүн!» кыймылы уюштурган митинг да милициянын күчү менен аёосуз таратылган. Аны тараткан ички иштер министри Болот Ногойбаев көп өтпөй эле кызматтан алынган. Ал окуя дагы Түптө кечээ жакында болгон окуя сыяктуу эле Кыргызстанда өз оюн айтуу үчүн нааразылык акцияларын уюштуруу коркунучтуу болуп баратканын көргөзгөн.

Кыргыз-казак чегарасы жана Көл жээгиндеги төрт пансионаттан улам жаралган жөө жүрүштө оппозиция өкүлдөрү таш бараңга алынышты, муну оппозиция чагым катары баалады. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул чагымчыл аракеттерге бийликтин түздөн түз тиешеси бар деп эсептейт:

-Алар тукурган адамдар чагымчыл иш чараларды жасап жатат. Мен ойлойм муну бийлик уюштурду, жетекчилик кылды жана көрсөтмө берди.Болбосо жанакы кол салгандардын өңү- түсү видеотамсмага түшкөн. Алар тиешелүү жазасын алса, биз бийлик жасаган жок деп ишенебиз.



Түп районунун акиминин орунбасары Ибраим Жолдошев болсо эч кандай чагым болбогонун айтат. Анын пикири боюнча, оппозициянын жөө жүрүшүнө айрым тургундар каршы болгон экен жана кутумчуларды бийлик уюштурбаптыр:

-Бул эми элдин нааразычылыгы да. Азыр жазгы талаа жумуштары жүрүп жатса, мунун эмне кереги бар. Эртең эл ачка калса булар бир нерсе кылмак беле. Элди эч ким алып чыккан жок, алар өздөрү нараазылыгын билдирип келип атат да.



Ошол эле убакта оппозиция лидерлерине кол салынып жатканда бийлик өкүлдөрү, милиция кайдыгер карап турушканы боюнча Түп районунун акиминин орунбасары эч нерсе деген жок.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев жөө жүрүштө учурундагы кагылышуу бийликтин атайылап уюштурган иши экени ачык-айкын көрүнүп турат деп эсептейт:

-Атайылап уюштурулгандыгы шексиз. Анткени башынан эле аялдарды жибере коюу, башкаларды кубалоо тактикасы колдонулуп жүрбөйбү.

Дагы бир саясый серепчи Кубан Абдымен да азыркы бийлик оппозициянын нааразылык акцияларын токтотуу үчүн ушундай мыйзамдан чыккан, моралдык ченемге сыйбаган иш чараларды колдонуу жагынан чебер уста болуп чыкканын айтат:

-Азыркы түзүлгөн шартта оппозициянын көп деле жолу калбай калды, себеби бийлик оппозициянын ар бир аракетине аларга катуу эффект бере турган чараларды колдонгонду үйрөнүп алды.

Жөө жүрүш башталгандан кийин бир аз өтпөй эле журналисттерге кол салуу болгон. “Акыл алкак” гезитинин кабарчысы Роза Жумалиеваны 2-3 аял чуркап барып башка коюп жиберишкен. Бул чыр-чатак маалында “Азаттыктын” кабарчысына да күч колдонулган.

Орозбек Молдалиев аялдар жана жашы жетип калган адамдар бийликтин чагымчыл аракеттеринин куралы катары пайдаланылып жатканына кейиди:

-Бийликтин, саясаттын кулу болуп, ошонун курмандыгы болгон жакшы эмес. Ошол аялдарды көргөндө эл эмне дейт, алардын өздөрүнө да уят да.

Бийлик айрым адамдарды саясый курал катары колдонуу менен оппозициянын үнүн укпай тургандыгын дагы бир жолу көрсөттү, дейт “Таза коом” партиясынын тең төрагасы Табылды Акеров.

Мына ушинтип 26-апрелге белгиленген оппозициянын жөө жүрүшү убактылуу токтотулду. Эми оппозиция лидерлеринин мындан аркы аракеттери кандай болот? “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” буларды айтты:

-Мыйзам чегинде көргөзүлгөн, кырдаал талап кылган иш алып баруунун бардык формаларын биз колдонобуз.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле кол салгандарды жоопко тартуу керектигин айтып, бул боюнча прокуратурага кайрылышаарын билдирди:

-Экинчи күнү атайын пресс-конференция берүүнү пландаштырып жатабыз. Жөө жүрүштөгү фактылар боюнча Башкы прокуратурага кылмыш ишин козгоо боюнча кайрылабыз.

Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов оппозиция күрөшүн ушуну менен токтотуп калбастыгын белгиледи:

-Эч нерседен коркпой–үркөп эле күрөшүүнү мындан ары да уланта беребиз. Кандай жол менен болоорун биз айтпай эле туралы. Анткени көп нерсени ачык айтып койгондо булар ошону билип алып каршы чараларды көрүп жатышат.

Саясый серепчи Кубан Абдымен азыркы шартта оппозицияда эки гана жол бар деп эсептейт:

-Биринчиси- элдин бардыгын өзүнө тарта тургандай иш чараларды жүргүзүп, жер-жерлерде өздөрүнүн колдоочуларын, тарапкерлерин топтоп, ошолордун арасында активдүү иш жүргүзүшү керек. Бул албетте абдан татаал иш. Экинчиси-мыйзам чегинде аткара турган иштердин бардыгы уюшулгандык менен, колдоочулардын арасында үгүт иштери менен узак мөөнөткө багытталган аракеттерди жүргүзүшү керек. Жанакыдай чагымдан алыс боло турган адамдар менен иштеши керек.

“Ак Жол” фракциясынан Жогорку Кеңештеги депутат Жанкороз Каниметов болсо оппозиция жөө жүрүштү уюштуруу менен элди козутуп жатат деп эсептейт. Ал Каркыра жайлоосундагы жерди казак тарапка өткөрүп берүү боюнча алгачкы кадам А.Акаевдин учурунда эле жасалганын айтып, бул маселе чечилип калганын айтты:

-Каркыра бул биздин жер болгон. Бирок юридикалык негизи казактарга чийилиптир. Акаев кезинде кол коюлган келишимдерди кайра көтөрүп, алар изилденип көрсө болмок. Бирок андай болгон эмес. Юридикалык жактан алып караганда, жер казактардыкы болуп жатат да. Мен деле мисалы жүрөгүмдө бул жерди бербей келгим турат, бирок бүгүнкү күндө элди көтөрүп тынчсыздыкка алып келиш туура эмес. Бул боюнча маалымат элге жетпей жатат дегенге мен кошулбайм. Бардык жерде маалымат кетип жатты. Эми ар бир үйгө барып айтылбайт да.

Жакында “Агым” гезити “Каркыра тилкеси 4 пансионат менен Казакстанга кантип өткөн?” деген макала басты. Анда 2001-жылы 15-декабрда Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттери ортосунда түзүлгөн келишимге ошол кездеги өкмөт мүчөлөрү премьер-министр Курманбек Бакиев баш болуп кол коюшканы айтылат.

Эл ичинде ушундай нааразылыктар, түшүнбөстүктөр жер жерлерде өлкөдөгү кырдаал тууралуу калктын калың катмарынын маалыматы жоктугунан болуп жатат, дейт Кубан Абдымен:

-Маалыматын берилбей жатканы-бул демократиянын чектелүүсүнүн белгиси. Элдин түшүнбөстүгүнөн келип чыкканда азыркы иш чаралардын бардыгы туура эмес жол менен кетүүгө түртүп жатат.

Жөө жүрүштү басуу максатында бийлик өкүлдөрү даярдык аракеттерин бир жума мурун эле көрүп баштаган, дейт Аликбек Жекшенкулов:

-Биз баратсак милиция тосуп турду, андан тышкары Жетиөгүз, Аксуу райондорунан, Бөкөнбаев жактан бизге келебиз дегендерди токтотуп, коркутуп-үркүтүп, кичиавтобустарды жүргүзбөй аябай кысым көрсөттү элге. Бизди келет деп, жөө жүрүшкө кошулбасын деп солярка, ун таратылып, кээ бирлерине акчалай берилген экен. Мына ушундай аракеттерди жасашкан облус губернатору К. Исаев баш болуп. Бийлик дегенде жанталашып, өзүнүн мамлекети, жерин, элин ойлобой ушинтип жанталашып аракет кылышат экен.

Бирок жергиликтүү эл ичинде бул маселе тууралуу кенен маалыматы барлар да жок эмес. 19-кылымдын соңунда Чохан Валиханов Каркырага байланыштуу чийип кеткен картанын көчүрмөсүнө бийлик да, коомчулук да көнүл бурбай жатканын Түп айылынын тургуну 82 жаштагы Жумакадыр Касыров “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Жумакадыр Касыров аксакал колундагы казак окумуштуусу Ч. Валиханов 1856-жылы кагазга түшүрүп кеткен картасын көтөрүп алып айыл өкмөттөрүнө, аким, губернаторго чейин барыптыр. Бирок анын күйүп-бышып Каркыраны сактап калуу аракетине бийликтегилердин эч кимиси көңүл бурбаптыр. Айласы кетип оппозициядагы саясатчылар арманымды угаар бекен деп келген тура жарыктык.

Бүгүн оппозиция лидерлери жөө жүрүшкө баа берүү үчүн, келечектеги иш-аракеттерин талкуулоо максатында чогулушат.
XS
SM
MD
LG