Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

29-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Токмок шаарында орун алган уезддик борбор 1878-жылдын 29-апрелинде Пишпекке ташылып келген. Түркия Жумхуриетинин Кыргызстандагы элчилигине берилген имараттын ачылыш салтанаты 1992-жылдын 29-апрелинде өткөрүлдү.

Буга чейин Токмок шаарында орун алган уезддик борбор 1878-жылдын 29-апрелинде Пишпекке ташылып келген. Уезддик борбор үчүн Кочкор, Көтмалды кыштактары сунуш кылынып, Пишпек шаарынын уезддик борборго болгон талапкердиги Түркстан генерал-губернаторунун 1870-жылы Жетисууга жасаган сапарынан кийин чечилген. Генерал-губернаторго Пишпек шаарынын «тогуз жолдун тоомунда» жайгашкан географиялык артыкчылыгы жаккан. Статистикалык эсепке ылайык ал убакта Пишпекте 58 үй бүлөө жашаган. Анын 9-орус, 48-өзбек, 1 татар үй бүлөө жашаган. Пишпектин уезддик борборго айланышы менен европалык типтеги «Пишпек шаарынын план-проектиси» жактырылган.

Фрунзе шаарынан чыккан поезд 1941-жылдын 29-апрель күнү саат 12. 30да Токмок шаарына келген. Ошентип Кыргызстандын эки шаарын бириктирген биринчи темир жол линиясы ишке киришкен. Борбордон келген поездди станцияда токтоктуктар шаңдуу салтанат менен тосуп алышкан. Токмок станциясында оркестр ойноп, борбор менен Токмокту байланыштырган темир жол багытынын ачылышына байланыштуу майрам өткөрүлгөн. Темир жол багыты жалаң кол эмгегинен бүткөрүлүп, анын ишине Чүй өрөөнүнүн калкы кеңири тартылган. Мындан улам салтанатка келген калк да темир жолдун курулушун эмгек жеңиши катары баалап, анын үзүрүн экономикадагы ийгиликтерден арзый тургандыгын билдиришкен.

Орус жана кыргыз тилдеринин орток колдонуш тажрыйбасы совет мезгилинде башталып, айрым убакта ал күлкү келээрлик натыйжаларды чыгартканы маалым. «Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысы В. И. Лениндин» туулган күнү жана 1-май майрамына байланыштуу 1970-жылдын бул күндөрү Фрунзе шаарында «жыл 100 лет» деген плакаттар илинген. Ушундай мазмундагы жазуулар буюм-тайымдардын капталына жазылган маани-мазмунсуз каталар орус тилдүү калктын таңгалуусун жараткан.

Түркия Жумхуриетинин Кыргызстандагы элчилигине берилген имараттын ачылыш салтанаты 1992-жылдын 29-апрелинде өткөрүлдү. Түркия элчилиги үчүн Московская көчөсүндө орун алган Биринчи май райондук компартиясынын эски имараты берилген. Элчиликтин ачылыш урматына Кыргызстанга келген Түркия Жумхуриетинин премьери Сүлейман Демирель Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев жана премьер-министр Турсунбек Чыңгышев ичиркенткен жазгы жамгырда элчилик имараттын ачылыш салтанатына катышышты.
XS
SM
MD
LG