Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Кыргызстанда бир топ журналисттик уюмдар президентке кайрылуу даярдап жатышат. Анда алар өткөн жумада парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамга президентти кол койбоого чакырышмакчы. Өткөн аптада Жогорку Кеңеш “Теле жана радиоберүүлөр жөнүндөгү” мыйзамды биринчи окулушунда кабыл алган. Бул мыйзам долбоору, көпчүлүк журналисттердин ишениминде, Кыргызстанда түзүлүшү көптөн бери талкууланып келаткан Коомдук телеберүү идеясын жокко чыгарат.

Кыргызстанда буга чейин Улуттук телерадио корпорациянын ишин жөнгө салган мыйзам кабыл алынган жана ушу күнгө чейин иштеп келатат. Бирок аны четке каккан жаңы мыйзамды кабыл алуунун эмне кажети бар? Жаңы мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Ибрагим Жунусов “Азаттыкка” мындай деди.

- Кыргызстанда телерадио ишканалардын иштерин жөнгө салууда өзүнчө мыйзам болгон эмес, жалгыз “Улуттук телерадио жөнүндө” мыйзам иштеп келди. Мисалга ала турган болсок, Украинада, Белорусияда жана башка өлкөлөрдө мындай мыйзам толук кандуу иштеп жатат. Орусча айтканда, Кыргызстандагы телеберүүлөрдө “бардак” болбосун, каалагандай кетпесин, баардык нерселер өздөрү каалагандай чыгарылып кетпесин, ошолор болбосун деп ушул мыйзамды кабыл алдык. Баарын бир мыйзамга салып алыш биздин максат болчу, - деди депутат Ибрагим Жунусов.

Мына ушинтип, жалпы өлкөдөгү телерадиокомпаниялардын ишин ирээтке келтирүү шылтоосу менен эми гана жаралышы чындыкка жакындап калган Коомдук телеберүү идеясы жокко чыгарылып калды, деп жатышат маалымат каражаттарынын өкүлдөрү.

“Медиа өкүлчүлүк” институтунун директору Илим Карыпбеков “Азаттыкка” билдиргендей, бир топ журналисттик уюмдар, ошондой эле өлкөдөгү айрым телерадио компаниялар президентти ал мыйзамга кол койбоого чакырган кайрылуунун текстин даярдап жатышат. Ушу тапта алар мыйзам долбоорунун тексти менен таанышып жатышат. И.Карыпбековдун айткандарына караганда, мыйзам долбоору парламенттеги жыйындан кийин бир топ өзгөртүлгөн окшойт. Бирок кандай өзгөртүүлөр болгон-болбогону азырынча жалпы коомчулукка белгисиз. Медиа коомчулук жаңы мыйзам долбоору чийки экенин айтып, аны шашылыш эле кабыл ала койгон “акжолчуларды” айыптап жатышат.

Президентке кайрылуу жолдойм дегендердин арасында “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев да бар. Ал да “Азаттыкка” мыйзам долбоорунун тексти парламентте каралгандан бери өзгөртүлгөнүн айтты. Мисалы, телерадио компаниялардын эфирдик убактысында эфирге кетчү программалардын жарымынан көбү алар өздөрү чыгарган продукция болсун деген талап алынып салыныптыр, дейт ал.

- Парламенттик талкуудан кийин мыйзам долбоорунун текстинде ал талаптар алынып салыныптыр. Бирок алардан сырткары бул мыйзам долбоорунда аткарылышы күмөн санаткан көптөгөн нормалар бар экен. Эгерде бул мыйзам долбооруна кол коюлса, анда көптөгөн телерадиокомпаниялардан кол жууп калышыбыз мүмкүн деп ойлойбуз, - деди медиа эксперт Марат Токоев.

“Кол жууп калышыбыз мүмкүн” деп Марат мырза айтып жаткан телекомпаниялардын бири Оштогу “Мезон ТВ” болушу ыктымал. Өзүн толугу менен менчик ишкана деп атаган “Мезон ТВны” буга чейин деле “мамлекеттик тил боюнча эрежелерди бузуп жатасыңар” деп күнөөлөшчү. Азыр эми программаларынын кайсыл бир бөлүгүн мамлекеттик, расмий тилдерде чыгарууга үлгүрүштү окшойт. Ага чейин чын эле өзбек тилиндеги программалары көп экени айтылчу. Бирок жаңы мыйзам күчүнө кирип, программалар боюнча талап калып калса, анда биздин деле айлабыз кетет, дейт “Мезон ТВнын” директору Жавлон Мурзахаджоев.

- Анда биз эфирдик убакытты кыскартышыбыз керек болот. Эгерде биз өзүбүз даярдаган программалардын санына жараша жалпы убакытты бөлүштүрсөк, биз обого алты гана саат чыгып калабыз. Азыр биз өзүбүздүн көрармандарыбыздын талабына ылайык, 18-20 саат обого чыгабыз. Эгер биздин эфирдик мөөнөт кыскарып кетсе, анда бизге эч кайсыл ишкана рекламасын бербей коет. Толугу менен рекламадан түшкөн акчага жашап жаткан бизге окшогон менчик компанияларга кыйын болот. Анткени реклама базары бизге каржылык колдоо көрсөтпөйт, ал кайрылдуулук жасабайт да. Бул жерде жөн гана айрым компаниялар толук монополияга ээ болууну самап, башка майда ишканаларды жок кылууну самап жатышат, - дейт “Мезон ТВ” ишканасынын директору Жавлон Мурзахаджоев.

Азыр өлкөдөгү бир топ журналисттик уюмдар президентке кайрылуу жолдоп, тынчсыздануу билдиребиз дегени да ошондон. Алар жаңы мыйзам долбоору, эң оболу, регионалдык деңгээлде иштеген телерадио ишканалар жок болуп кетиш коркунучу бар деп жатышат. Ошол эле учурда, эксперттер “Теле жана радио берүүлөр жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоорунун жакшы жактарынын бири катары маалыматтык коопсуздук саясатынын иштей баштаганын белгилешүүдө. Өзгөчө, коңшулаш республикалардын сыналгы каналдары элге кеңири тараган түштүк регионунда маалыматтык коопсуздук саясатын чыңдоо керектигин белгилешүүдө.

Кыргызстанда калктын басымдуу бөлүгү жалгыз гана УТРК мамлекеттик телеканалын көрө алат. Ошондуктан 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин мамлекеттеги саясий күчтөрдүн ортосунда бирин-бири карамалай, бийликти даңазалап-мактоо өңдүү көрүнүштөрдү токтотуу ниетинде аталган каналды коомдук сыналгыга айлантуу демилгеси көтөрүлгөн. Ага март ыңкылабынан кийин орногон бийлик көп ынабай, бирок былтыр жазында оппозициялык күчтөрдүн басымы менен президент макул болгон эле. Эми абал башкача нукта өнүгөт өңдүү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG