Анда өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, партиянын мындан ары аткара турган иштери талкууланат. Курултайга президент Курманбек Бакиев да катышып, сөз сүйлөмөкчү. Ошондой эле ага өкмөт башчы Игорь Чудинов да катышаары кабарланууда. Аны бул кызматка “Ак жол” партиясы көрсөткөн. Былтыр ноябрда президент Курманбек Бакиев тарабынан түзүлгөн бул партия учурда парламентте көпчүлүк орунду ээлейт.(SM)