Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

«ЭРКИН ЕВРОПА/АЗАТТЫК» ҮНАЛГЫСЫНЫН САЙТТАРЫНА ЧАБУУЛ ЖАСАЛДЫ


Амирбек Усманов, Прага Көп тилдүү «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун сайттарына ишемби күнү вируталдык чабуул жасалды. Анын кесепетинен, онго жакын кызматтын сайттарына окурмандар --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/D344792D-8A97-4B58-B9D2-5F4F0223A96D.asp бир кыйла убакыт кире алышкан жок. Чабуулду ким жасаганы белгисиз. Бирок бутага биринчи кезекте радионун Белорус кызматынын сайты алынганы такталды. Белорус кызматынын сайты дүйшөмбү күнү кечке жуук калыбына келтирилди. Акыркы жылдары ири өкмөттүк мекемелер менен чоң компаниялардын сайттарына кол салуу кеңири жайылып барат.

Оболу Белорус кызматынын сайтына жасалган виртуалдык чабуул тез эле азербайжан, татар-башкыр, орус, тажик, Түштүк славян жана албан редакцияларынын, ошондой эле Фрада радиосунун сайттарына да өттү. Чабуулдун айынан аталган тилдердеги аналитикалык макалалары менен кабарларды угармандар бир нече саат бою Интернеттен окуй да, уга да албай калышты.

Радионун технологиялык кызматынын директору Льюк Спрингер сайтты окутпай койчу “Denial-of-services”(DOS) же «Тейлөө жок» деп аталган чабуулдун өзгөчөлүгү жөнүндө мындай дейт:

- Бул ыкма демейде бутага алынган сайтты калп эле байланышка чакырган өтүнүч катка толтуруу үчүн колдонулат. Анүчүн сайттын бардык эркин булактары керектелгендиктен, сайтты мыйзамдуу керектөөчүлөр пайдалана албай калат.

Сайтты окурманга жаап салчу чабуулга «Эркин Европа/Азаттык» радиосу көп эле жолу кабылган. Бирок азыркыдай секундасына 50 миң кат менен үстөккө- босток сокку жеген эмес. Бул ыкма англис тилинде “Distributed denial-of-services” же «тейлебөөнү жайылтуу» деп аталып, бир компьютерден экинчисине тез өткөндүктөн, андан коргонуу үчүн көп күч керек.

Чабуулдун кесепетинен белорус угармандар Чернобыль атомдук станциясындагы кырсыктын 22 жылдыгына байланыштуу Минскиде өткөн нааразылык жүрүшү жөнүндөгү түз репортажды уга албай калышты. Хакердик чабуулга Минскиде жайгашкан бейөкмөттүк «Хартия-97» уюмунун сайты да кабылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жефф Гедмин виртуалдык чабуулду жарандардын эркин маалымат алуу укугун тепсөө аракетине салыштырды:

-Биз иштеген жана уктурууларыбызды берген өлкөлөрдө эркин жана көзкарандысыз маалымат каражаттары болсо, биз зарыл болбой калмакпыз. Советтик жарандардын, белорустардын, ирандыктардын- баарынын максаты бир: алар эркин маалыматты, кайнаган идеяларды- жарандык коомдун кычкылтеги деп билишет. Аны бууш үчүн бийликтер берүүлөрдү басышат, хакердик чабуул жасашат. Алардын жасаары ушул.

2007-жылдын майында Эстониянын сайттары ушундай соккуга дуушар болгон. Эстония интернет-чабуул Таллиндеги советтик аскердин эстелигин башка жайга көчүрүүгө жооп кылып жасалды деп, ал үчүн Москваны күнөөлөгөн. Бирок Москва ага эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
XS
SM
MD
LG