Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

11:45 Кыргызстан Казакстандан мурда келишилген 300 миң тонна буудайды алат


Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн “Ак жол” партиясынын курултайында билдирди. “Казакстан буудайды экспорттоого тыюу салганы менен биз мурда келишилген 300 миң тонна буудайды ала алабыз, бул жакында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда келишилген”, деди өкмөт башчы. Анын айтуусунда өлкөнүн матрезервинде ундун үч айлык кол тийгис запасы бар. Ошондой эле Игорь Чудинов жакыр жашаган 291 миң үй-бүлөгө арзан баада ун берилерин маалымдап, бул боюнча атайын тизме түзүлөрүн жарыялады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG