Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

Жогорку Кеңеш өткөн жумада кабыл алган “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” жөнүндөгү жаңы мыйзамга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/655D33DE-AAF8-4F8C-813C-C41F24C344F4.ASP коомдо каршылык күч алууда. Ага кол койбосун талап кылып, бүгүн Медиа өкүл институту баштаган бир топ коомдук уюмдар менен маалымат каражаттары президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдогон жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары болсо мыйзам азыркы учурдун талабына ылайык кабыл алынды деген ишенимде.

Жалпыга маалымдоо каражаттары менен коомдук уюмдар бүгүн мамлекет башчыга жолдочу кайрылуусунда бул мыйзам Кыргызстандын эл аралык коомчулук астында туу кармаган жетишкендиктеринин бири - сөз жана басма сөз эркиндигин муунтуп, өлкөдө бийликтен башка тараптардын сөзүн элге жеткирүүчү эркин телеканалды жок кылат деп, ага кол койбоого чакырган жатышат.

БИ-БИ-СИ радиосунун Кыргызстандагы кабарчысы Султан Жумагуловдун баамында, мындай тынчсызданууга негиз бар. Анткени бардык маалымат каражаттарын бийликтин колуна топтогон Орусиянын жолоюна түшүрүү үчүн Кыргызстанда саясий технологдор иштеп жатат деген маалымат далилденди дейт:

- Саясий технологдор Кыргызстандын ичиндеги саясий процесстердин сценарийин жазып жатат деген маалыматтын дагы бир далили болду. Тилекке каршы, Орусиянын жагдайы башка, себеби ал мамлекет дүйнөдөгү геосаясат жасаган ири мамлекеттердин бири. Аны туураганда Кыргызстандын буту сынып калбаса экен деп коркосуң, анткени Кыргызстандын дүйнө алдында көзгө кармап, сата турган бир гана товары бар болчу. Ал сөз эркиндиги жана демократия. Андан тышкары бул мыйзам 2005-жылдагы окуяга алып келген кырдаалдын тууралыгын тааныгандыгын да көрсөтөт. Демек мурдагы авторитардык башкаруу туура экен, тек гана бул жолу чыга турган болсоңор өпкөңөрдү үзөбүз деген саясатты далилдейт.

Март ыңкылабынан кийин маалымат алуу укугун чектеген улуттук сыналгыны коомдук телеканалга айландыруу аракетин парламенттин жарым сааттык талкуусуз кабыл алган мыйзамы менен жокко чыгаруу өлкөдө гана эмес сыртта жүргөн атуулдарды да ойго салбай коюуда.

Улуттук телеканалдын өз алдынчалуу телеберүүлөрдү даярдаган, бирок кесиптик ишмердигинен улам Швейцарияга качып кетүүгө аргасыз болгон журналисти Кайрат Биримкулов Кыргызстанда болуп жаткан ушундай артка чегинүүлөр өлкөдө жакын арада өнүгүү болоруна үмүт калтырбайт деп билдирди:

-Бул абдан туура эмес чечим. “Ак жолдон” турган депутаттар президентке “Бөрк ал десе, баш алган” кызмат көрсөтүп жатышат. Бул чечим менен Кыргызстанда сөз эркиндиги токтойт.

Ал эми депутат Бегалы Наргозуев мыйзам учурдун талабына ылайык иштелип чыгып кабыл алынды, анткени мамлекетте бийликтин саясатын элге жеткире турган өзүнүн телеканалы болушу зарыл, аны коомдук телеканалдын функциясы менен чаташтырбоо керек дейт:

- Улуттук телевидение болгондон кийин мамлекеттин өкмөттүн саясатын жүргүзүш керек. Ал эми коомдук телеканал үчүн өзүнчө бир мыйзамды кабыл алыш керек деген ойдо болуп жатабыз. Мамлекеттик телекөрсөтүү менен коомдук телекөрсөтүүнү экиге бөлүү идеясы бизди азыр уялап турат. Ушул максатта гана ушул мыйзам кабыл алынды.

Бегалы Наргозуевдин баамында, Улуттук телеканал байкоочу кеңеш аркылуу башкарылсын деген жакшы идеяны парламент эмес былтыр түзүлгөн кеңеш мүчөлөрүнүн өз ара ырк келишпөөсү жокко чыгарды:

- Байкоочу кеңеш тирешип, бири-бирин күнөөлөп, коомдук телекөрсөтүү идеясын өздөрү жылдырбай токтотуп алышты. Ошон үчүн буга бир күнү чекит коюлуш керек болчу.

Улуттук телеканалдын башкы директорунун орун басары Эрнис Кыязов болсо башкы директордун президент тарабынан гана дайындалышы компаниянын ички абалын чыңдоого жол берет деген ишенимде:

- Башкы директорду кимдир бирөөгө дайындатып койсок дагы эле баягы “ары тарт, бери тарт” болот жана телевидение идеологиялык чоң курал болгондон кийин аны мамлекеттин колунда кармап туруу керек деген түпкүлүгүндө жакшы максат деген ойдомун.

Мамлекет башчыга кайрылуу даярдап жаткан уюмдар президент Курманбек Бакиев Кыргызстан жетишкен баалуулукту жокко чыгарбай, мыйзамга кол койбойт деген зор үмүттө турушат.

Ал эми дүйнө өлкөлөрүндөгү басма сөз эркиндигинин абалына байкоо салган Фридом Хаус эл аралык уюмунун бүгүн жарыялаган иликтөөсү боюнча Кыргызстан эркин эмес мамлекеттердин катарына кирип, 195 мамлекеттин ичинен Грузия, Орусия менен бирге 70 орунга түштү.
XS
SM
MD
LG