Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Оппозициянын Ысыккөлдөгү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/CF85A8DC-C754-4D7D-A300-6618962A0448.asp акциясы жана сөз эркиндиги боюнча саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Орозбек мырза, ишемби күнү (26-апрелде) жерге, төрт пансионатка байланышкан кыргыз-казак келишимдерге оппозициянын нааразылык акциясы Ысыккөлдө ур-токмокко алынып өттү. Муну оппозиция бийликтин кутуму деди. Биз билгенден оппозицияга каршы мындай ыкма биринчи жолу пайдаланып жаткан жок. Ошол эле мезгилде оппозиция күрөш уланаарын эскертип жатат. Сиз келерки күрөштө оппозиция Ысыккөлдөгү окуядан кандай сабак алышы керек деп ойлойсуз?

-Оппозиция бул жерден чоң катачылык кетирип койду. Бишкектен отуруп алып эле, пландаштырып, барып аткарабыз дегендин жаңылыш болгонун эми оппозициянын өзү деле түшүндү болуш керек. Себеби жергиликтүү кырдаалды иликтеш керек эле. “Биздин акциябызды эл колдойбу, бизге каршы кандай чараларды уюштурушу мүмкүн”, мына ушул боюнча алдын ала талдоо болгон эмес. Ошон үчүн ушундай болуп калды.

Эми мунун натыйжасында, булардын негизги максаты ушул маселеге элдин көңүлүн, коомчулуктун көңүлүн буруу болчу, бул жагы аткарылды. Чатак чыгып кетип, мурдагыга караганда көбүрөөк көңүл бурулуп калды. Бул жагынан натыйжага жетти десек болот.

-Сиз ошол акцияны эл колдогон жок деп ойлойсузбу, же болбосо бул бийлик атайлап уюштурган маселе деп ойлойсузбу? Оппозициянын элде канчалык кадыры бар? Өздөрү мисалы бул нукура эле бийликтин кылганы деп эсептейт.

-Бул жерде “эл колдогон жок, эл колдоду” деген маселеге келе турган болсок, ал жерде уюштурганы көрүнүп турат. Бул бийликтин аракетине минус болот. Оркоюп эле көрүнүп калды. Бул иш боюнча билдирүү жасаса деле болмок.

Экинчиден, кайсы социалдык топту алсак деле мунун 20 пайызы деструктивдүү элементтер болот, он пайызы конструктивдүү элемент болот. Ошол деструктивдүү элементтерге таянып жасалган иш экендиги көрүнүп турат. Муну “эл” деп эч качан айтууга болбойт.

-Албетте Ысыккөлдөгү окуя журналисттер үчүн дагы коопсуз болгон жок. Мунун ичинде “Азаттыктын” кабарчысы дагы чала-була муш жеди. “Алкак” гезитинин кабарчысы запкы көрүп калды деп айтышты бизге. Бул окуяга аралаш “Фридом Хаус” уюму кечээ билдирүү жарыялап, Кыргызстанда маалымат каражаттарынын, журналисттердин эркиндиги артка кетти деп белгиледи. Сиз буга макулсузбу?

-Бул макул болгонго негиз бар. Себеби бизде “Де-факто”, “Алиби” деген гезиттер боюнча сот процесстери жүрүп жатат. Ушунун аркасында чыр-чатактар болуп жатат. Аларды саттырбагыла деген тыюу болгондугун жакында укук коргоочулар мониторинг өткөргөн экен, анын жыйынтыгы бардыгыбызга белгилүү болгон.

Анан Улуттук телерадио компанияны коомдук кылабыз деген 3-4 жылдан берки аракети аягында кайта артка кетүү менен токтоду. ЭлТРдин тегерегинде окуяларды бардыгыбыз билебиз. Макул, эми ал өкмөттүк болуп калса, калтырсын. Андай болгон күндө көз карандысыз телеканалдарга тоскоолдук кылбаш керек эле. Мына, “Пирамида” каналы жоюлуп кетти. Башка каналдар эркин көз караштарын жакшы билдире албай калды. Жалалабаттагы сыналгы боюнча айтсак, мында фактылар көп.

-Журналисттердин коопсуздугун кантип коргоо керек? Мисалы, ар бир журналист кандайдыр бир чабуулга учураарын Алишер Саиповдун өлүмү өзү эле көрсөтпөдүбү.

-Дүйнө боюнча журналисттерге кол салган тенденция бар, тилекке каршы. Журналисттердин укугун коргогон боюнча аларга өз алдынча мыйзамдарды кабыл алып, ошолорду коргош керек.

-Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG