Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

“ТАБИЯТ ЖАНА МУЗЫКА” АТТУУ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ ӨТӨТ


30-апрелде кечки саат 6да кыргыз Улуттук драма театрында Алыкул Осмоновдун ырларынан турган “Табият жана музыка” аттуу поэзия кечеси өтөт. Акындын ырларын кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Тынара Абдразаева окуйт.

Кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүндө таланттуу акындардын ырларынан турган көркөм окууну же болбосо “Бир актердун театрын” алып чыгуу көптөн бери максат болуп келаткан. “Бир актердун театрынын” алгачкы кечесин кыргыздын улуу акыны Алыкулдун поэзиясынан баштоону туура көрдүк, деди Улуттук театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Зухра Жамангулова:

-Алыкул Осмоновдун ырларынын актрисанын көркөм окуусунда “Бир актердун театры” аркылуу берилиши – бул маданий окуя, жаңылык болуп отурат.

Алыкул Осмоновдун жыйырма беш ырынан турган “Табият жана музыка” поэзия кечесинде акындын ырларын Улуттук театрдын артисти Тынара Абдразаева окумакчы. Дегеле кыргыз акындарынын поэзиясын театр сахнасына алып чыгуу Тынара айымдын көптөн берки максаты эле:

-Бул чыгармачыл адам кызык болот экен. Каалаган ролдор тийбей, бош жүрүп калганда, буулугуп өзүмө өзүм батпай калам... Кыймылдайынчы, бир иш менен алектенейинчи деп, Алыкул Осмоновдун жыйырма беш ырын көркөм окуп алып чыгып атам. Экинчиден, кыргыз тили жээрилип аткан бүгүнкү күндө улуу акындын ушундай ырларын беш кыргыз укса да, бир ойгонуу болор бекен деген максат болду менде.

Тынара Абдразаева эртеңки кечеде Алыкул Осмоновдун “Адамзат” аттуу ырын да окуйт:

Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
Ташып жатса мал жетпес жашыл аралда.
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним,
Адам деген картайгыч тура бечара.

Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жеталбас ыраакта.
Эти калың, пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Замзамдын суусун ичирейин дегеним,
Адам деген чарчагыч тура бечара.

Олуя табып Улукман аке дарысы,
Жашыл гүлдөй тепселип жатса талаада.
Жүрөк оору, өпкө оорунун дарты үчүн,
Өзүм ичпей ичирер элем адамга.
Дары чөптү ичирейин дегеним,
Адам деген оорукчан тура бечара.

Ак шайы жибек, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып жатса калаада.
Дагы жашап, дагы жыргап көрсүн деп,
Өзүм албай, ал дээр элем адамга.
Жандарына жан кошоюн дегеним,
Адам деген көп өлгүч тура бечара.


Театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Зухра Жамангулованын айтымында, “Бир актердун театры” же болбосо театр сахнасындагы поэзия кечелери мындан ары да уланмакчы:

-“Бир актердун театры” ушуну менен эле бүтүп калбайт. Орто муундагы, улуу муундагы акындардын, жаш акындардын, же болбосо пикирлеш акындардын же бир акындын поэзиясын алып чыгуунун формаларын карап жатабыз.

Ал эми Тынара Абдразаеванын программасында акындардын поэзиясынан турган мындай поэзия кечесинин үчөөнө даярдык жүрүп келатат учурда:

-Кайсы акындардын поэзиясын даярдап атканымды азырынча сыр кылып айтпай эле коеюн. Бирок кыргыз акын кыздарынын поэзиясын алып чыксам деген оюм бар.
XS
SM
MD
LG