Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

ОЛИМПИАДАНЫ КОШТОГОН НААРАЗЫЛЫК ЧАРАЛАР: КЕЧЭЭ, БҮГҮН


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Бээжиндеги Олимпиада --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/00C28B20-7F98-4B5D-856F-E35ABF40CB53.asp оюндарына арналган от жүрүшү Түндүк Кореянын борбору Пхеньянга жетти. Шамана баш-аягы жыйырмадай мамлекетти аралап, августта Кытайга келет. Бир катар укук коргоочулар Кытай бийлигинин Тибеттеги саясатынан улам Олимпиада оюнун үзгүлтүккө учуратууга, мамлекеттерди оюнга катышуудан баш тартууга чакырышууда. Олимпиадалык оюндарга саясий боек берген нааразылык чаралар буга чейин да өтүп келген. 1980-жылы да Москвадагы Олимпиада Советтер Союзунун Ооганстанга кирип келишине каршы АКШнын бойкоту менен ачылган.

New York Times гезитинде Серж Шмеманн (Serje Schmemann) олимпиада оюнун коштогон мурда жана кийинки каршылык чараларга сереп салат.

Шмеманн 1980-жылы Олимпиада оюну маалында Москвада болгонун, бир адам өзүн-өзү өрттөгүсү келгенин бир турист тасмага тартып калганын баяндайт. Бирок бийликтин шумдуктай тез аракетинен улам ал эмне болгон адам, эмнеге андай кадамга барганы билинбей калганын айтат.

Бул окуя Советтер Союзунун бийлигинин “Спорт – сен тынчтыксың” деген ураанынын алдында көмүскөдө калганы менен, Олимпиада оюну Кошмо Штаттардын бойкоту менен ачылган. АКШ ошентип Советтер Союзунун бийлигин Ооганстанга кирип келишине каршылык көрсөткөн.

Шмеманн 1980-жылдагы Олимпиада оюндары авторитардык мамлекеттин катаалдыгын көрсөткөнүн айтат. Азыр ошол эле көрүнүш Кытайда да кайталанып жатканын белгилейт.

Ошол кезде көптөгөн советтик атуулдар өз өлкөсүндөгү саясат менен олимпиадалык оюндун ортосундагы байланышты көрбөгөндөй эле, азыр дагы миңдеген кытайлыктар олимпиаданы үзгүлтүккө учураткысы келген “чет элдик душмандарга” чындап эле ачуулангандай, деп жазат Серж Шмеманн.

Автордун жазышынча, Батыш өлкөлөрү Кытайды 21-кылымдагы экономикалык жана аскердик кубаттуу өлкө деп билет. Кытай бийлиги Олимпиада оюнун өткөрүүгө дилгир болгону менен, Тибеттеги саясатынан улам демократиялык коомдун эрежелеринен этибар алгысы келбегенин белгилейт.

Шамана өткөн өлкөлөрдө Кытайдагы адам укугунун бузулушуна каршы акциялар Кытайга санаалаш адамдарды бириктирип жатат. Ошол эле кезде айрым өлкөлөр Кытайды демократиянын баалуулуктарын сактоого үндөп келет.

Лондон, Париж, Сан-Франциско жана Токио шаарларында шамана алып өтүү жөрөлгөсү тополоң менен коштолду. Кытайды колдогондор менен Тибеттин эркиндигин каалагандар кагылышты.

28-апрелде шамана Түндүк Кореяда үзгүлтүксүз сапарын улады. От август айына чейин дагы бир катар мамлекетти кыдырат. Серепчилер от эстафетасы айрым өлкөлөрдө нааразылык чаралар менен коштоолорун жокко чыгарышпайт.

Олимдиада оюндарынын тарыхын изилдеген адистер оюн кайсы гана убак болбосун чоң саясаттын бир бөлүгү бойдон кала беририн белилешет.

XS
SM
MD
LG