Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

Кыргызстандагы балык чарбачылыгы жөнүндө өкмөттүн алдындагы жаратылышты коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орунбасары Айткул Бурканов “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Адегенде тактап алалы, Кыргызстан аймагындагы көлдөрдө балыктын өлчөмү канчалык? Кандай түрлөрү бар?

-Бизде Кыргызстан боюнча балыктын 79 түрү бар. Ошонунун 26 түрү Ысыккөлдө. Мындайча айтканда, 2005-жылы изилдөө жумуштары жүргүзүлүп, 79 түрдүн жети түрү Кыргызстандын Кызыл китебине кирген.

-Ошол Кызыл китепке кирген балыктарды атай аласызбы?

-Жети түрү бул – Ысыккөл маринкасы, щуковидный жерих, туркистанский толстолобик ж.б.

-Ошолордун ичинен өндүрүшкө пайдалана турган басымдуу кылган балыктар кайсылар? Кайсылар балык чарбачылыгында өндүрүш катары өндүрүлөт?

-Биздин эндемик түрлөрү чебак, чебачок жана энтрадуцированный, башка жактан алып өстүргөн балыктар бул Ысыккөл форели, сиг, сазан.

-Азыр балыкка ууга чыгуу маселесине байланыштуу мораторий жарыланган турбайбы, ошол ууга чыккан учурлар кайсы мезгилге туура келет. Мараторийдин шарттары, эрежелери кандай болуп атат? Аларга кандай чараларды көрүп атасыздар, же мораторий жарыяланганы ишке кантип ашып атат?

-Туура, мораторий 2008-жылы 10-январда жарыяланган, өз мезгилинде жарыяланган деп биздин мамагенттик агенттие эсептейт. Бул мораторийди ишке ашыруу боюнча указдын негизинде өкмөт тарабынан 22-апрелде балык чарбачылыгын өндүрүү боюнча программа кабыл алынган. Ал жерде ошол программанын негизинде ар бир министрлик, ар бир облус кандай иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча дагы бир иш-аракеттер иштелип чыгыш керек.

-Буга чейин браконьер деп коебуз, ууру кылгандар кармалдыбы?

-Браконьерлер жыл сайын эле чыгышат. Бул негизги проблема. Кечээ жакында 26-апрелде дагы ПРООНдун колдоосу менен Ысыккөлдө Чолпонатада семинар өткөрүлдү. Ал жерде дагы негизги проблема браконьердик болуп атат деп айтылды. Ошого кантип каршы күрөшөбүз, ошол маселелер көтөрүлүп атты ал жерде.

-Маегиңизге ырахмат.

Сүрөт ogoniok.com интернет баракчасынан алынды.

Маектешкен Бурулкан Сарыгулова, Бишкек
XS
SM
MD
LG