Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Маектешкен Амирбек Азам уулу, Прага Турдакун ажы Атабек уулу - Ооганстан парламентинин мүчөсү. Депутаттыкка бир ууч кыргыздар жашаган деңиз деңгээлинен 4 миң метрден бийиктеги Памир аймагынан шайланган. Турдакун ажы «Азаттыктын» кабарчысы Амирбек Азам уулуна Кабылдан телефон аркылуу берген маегинде Ооган кыргыздарынын жашоосу, алардын көйгөйлөрү жана Ооган парламентиндеги ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берет. Ооган кыргыздарынын сүйлөө өзгөчөлүгүн сактоо үчүн Турдакун ажынын сөзү негизинен оңдоосуз берилди. Интервью марттын акыркы жумасында жазылган.

-Турдакун ажы, сиз оболу өзүңүздү “Азаттык” үналгысынын угармандарына тааныштырып кетсеңиз?

-Менин жашым кырк алтыда. Аллага шүгүр, сегиз уулум, бир кызым бар.

-Бир эле аялданбы же эки-үч аялданбы?

-Үч аялдан.

-Алар сиз менен бир урууданбы же башка-башка уруулардан болушабы?

-Башка-башка уруулардан. Аялымдын бириси өзүбүздүн найман уруумдан. Чоң абамдын кызы болот да. Бириси намасар деген, үчүнчүсү анавы карасаадак деген уруудан. Карасаадактарды биз кесек деп коебуз.

-Байбичеңиз канча жашта?

-Байбичем 48 жашта, азыр хаятта бар (тирүү). Берки эки аялым экөө тең өтүп кетти, алардын жашы кичик эде.

-Балдарыңыз окушабы?

-Балдарым медреседе молдолукка окуган. Балдар өкмөт мектебине окушкан эмес. Биздин жерибизде уруш-согуштун туурусудан (кесепетинен) мектеп жок эде.Ошондуктан өкмөт мектебине окушкан эмес. Эми быйыл гана мектеп суру (пайда) болду, ачылды.

-Быйыл биринчи жолу ачылдыбы?

-Биринчи жолу ачылды мектеп.

-Мугалимдер кыргыздар элеби, же башка элденби?

-Жок, башка элден бул жерде жок, кыргыздар эле. Мугалимдин бири – молдо. Жума молдо Райымкул уулу, өзү Анжияндан келген кыргыздардан болот, уруусу дагы тейиттердин сегитир деген уруусудан. Бири молдо Ибраим, Абдыжапар деген кишинин уулу болот. Уруусу шалтак.

-Памирдеги кыргыздар канча айыл болуп жашайсыздар?

-Памирдеги кыргыздар айылыбыз мухталиф (бөлөк-бөлөк), бази (айрым) убактыда 20 айыл да болуп жашайт, 15 айыл болуп да жашайт. Жазында чогулуп ыраак отурулат, 15 айылга жетет, кышында тозубураак отурулат, 20-25 айылга жетет.

-Ар бир айылдын өзүнүн башчылары, аминдери, же болуштары барбы, же жокпу андай?

- Аминдери бар. Бизде эми амин дебейбиз, аксакал деп койобуз. Ар бир урууну урууга бөлөбүз, ар бир уруунун аксакалдары, башчылары бар. Мунун баарынын үстүнөн текшерип турган адамды биз намаянда (өкүл) дейбиз. Намаяндалар толук журтка болот. Анан былтыртан бери «Раис-и-шура» деп шурага (жергиликтүү кеңешке) элдер таксым (бөлүнгөн) болгон. Биз алты шурабыз, алты шурага таксым болгонбуз, алты раисибиз бар. Алты раистин үстүнөн бир раис; дагы алардын башчылары бар.

-Алар дагы кыргызбы же ооганбы?

- Алар да кыргыз.

-Турдакун ажы, Памир кыргыздары буудай, дан эгиндерин, жашылча жемиш өстүрүшөбү? Сиздерде мөмө бактары барбы?

- Бизде ондой өстүрө турган жемиш заттар жок. Жерибиз көп жаман, суук жер, эгиз жер. 4 миң канча жүз метр жердин эгиздиги бар. Ондо сууктан бирдеме көктөбөйт да. Биздин отанда (жерде) малчылыктан башка эч нерсе жок.

-Малчылык менен күн көрөбүз дедиңиз. Сиздерде малдын көбү топоз го, же кой-эчки да барбы?

-Кой-эчки бар, топоз бар, төө бар.

-Алардын эт сүтүн, жүн-терисин эмне кыласыздар? Кайда алып барып сатасыздар?

-Ону эч кайда алып барып сатпайбыз. Биз койдун жүнүнү кыргыздын ак үйлөрүнө жамынчы кылып жабабыз. Калганы болсо ар жерде чачылып жоголот да. Ооганстанда жүндүн кыйматы (кымбаты) жок, албайт да. Жети кило жүндү берсең, Ооганстандын пулунда 250 оогани болот, 250 оогани эчтемелик пул эмес да. (50 оогани орточо АКШнын 1 долларына барабар)

-Бир кило буудай, бир кило эт Кабулда канча турат?

- Бир кило койдун эти 200 оогани турат, 7 кило буудай 120 оогани.

-Андай болсо буудайды, дан азыктарын сырттан сатып алат экенсиздер да?

-Ыыы.

-Быйыл кыш өтө катаал болду Ооганстанда. Сиздер ун, дан, туздан кыйналбадыңыздарбы?

- Биз кыйналдык, анан кыйналсак дагы кандай кылабыз. Ылаажыбыз, аргабыз жок. Бизден бир-эки райиси-шураларыбыз (кеңеш мүчөлөрү) Бадахшанга келип, өкмөткө арыздандык. Мына бу дафтарларга (кеңселерге), өкмөти жаханинин (дүйнөлүк уюмдардын) дафтарларыга да келип арызданышты. Мен Кабулга келип арыздандым. Анан дабилифту (WFР- World Food Program – БУУнун Азык түлүк агенттиги) деген дафтар (мекеме) бар, алар бир аз көмөк кылдылар. Ал көмөктөрдү биз азыр алып кете элекпиз.

Анан Кыргызстан бу биздин кыргыздарыбыз, каныбыз бир, дилибиз бир дегендей… Кыргызстанга биздин арыздарыбызды айтсак, бизге кардыбызга болобу, үстүбүзгө дейбизби, жардам кылса. Биз жетише албайбыз. Кыргызстан өкмөтү бизде иштебейт. Кыйналсак да арыз-дартыбызды айталык, бизде андан башка ылаажы жок да.

-Кыргыз өкмөтү менен өзүңүздөр байланышканга аракет кылып көрдүңүздөрбү?

-Байланышканга аракет да кылып көрдүк көп эле. Мен бир талиптерден илгери убактарда Мургапта болгом, ал жерде болгом. Анда Тажикстан өкмөтүнүн пустасы (чек ара бекети) да бар, биз көп кагаздарды жүгөрдүк, ай мындай кардыбыз ачып жатат, кыйналып жатабыз, кыргызбыз бизге жардам берсе, деп. Ошодо деле кыргыздар бизди эстебеди.

-1990-жылы бекен, ошол маалда кинорежиссер Дооронбек Садырбаев ооган кыргыздарына гуманитардык жардам жеткирип келген эле?

-Ол жардам Совет өкмөтү Ооганстанга кирген заманда эле. Мен Орусиянын тарыхын унутуп калыптырмын, кайсы тарыхтар экен, Совет өкмөтү Ооганстанга кирип, кыбасы токтогон маалда Совет өкмөтү бизге жардамды көп кылган. Кыргызстан орустан бөлүнүп, өзүнчө мамлекет болгондон кийин биз Кыргызстанга көп эле кагазды жибердик, бирок жардам көралбадык. Ал кагазыбыздын натыйжасы болбоду.

-Сөз башында айтып кеттиңиз: Ооган өкмөтү Кабулдан ун, туз, барын берди эле биз алып кете албай атабыз деп. Эмне үчүн алып кете албай атасыздар? Жол али ачыла элекпи?

-Жол да ачыла элек. Биз арызданганыбызга бир айдан ашыгыраак болду, анан ал өкмөттөн сура, бул өкмөттөн сура дегендей… Анын эсебин таап, жамгарыштырганча ушунча заман өттү. Беш күндөн кийин Бадахшандан жүктөлгөнү жатат.

-Ошондо жүк сиздерге канча күндө жетет?

-Бадахшандан беш күндөн кийин жүктөлсө, биздин улушманыбыздан (район) өйдө кыштак бар Гөсхом дейт, Гөсхомго эки күндө мотар (машине) барат, андан ары жакка машине бара албайт. Биздин элдер атчан, топозчон 5 күндө түшүп келип, 5 күндө кайтып жүктөп чыгып барат.

-Азыр кар дале бар экен да анда?

-Кар бар, бизде бешинчи айларда кар болот, анан кетип түгөнөт.

-Кыш качан сентябрь, октябрда келеби, же андан эрте келеби?

-Бизде үч ай жазыбыз бар, мына бешинчи айларда жолубуз ачылат. Бешинчи айыбыз жазыбыздын башы, эсеби бешинчи, алтынчы, жетинчи ай жаз, кайтып сегизинчи айда кыш башталат.

-Бадахшанга жетиш узак экен. Ошондуктан кокус бирөө-жарым ооруп калса, дарылай турган доктур, табыптар, оорукана, кеселкалар барбы сиздерде?

-Букамга (ушу убакытка) чейин оорукана, касалкана жок эде. Мен Ооганстандын парламентинде туруп калдым, адеп аракаттап президентке, вазирлерге айтып жатып, жаңыдан быйыл кеселкана жасалмакчы. Дуктурларыбызды алып бардык. Өзүбүздө дуктур жок. Тажикстандын Харыктан (Хоруктан) бири аял, бири эркек, эки кишини алып барганына мына эки ай болду.

-Докдурларга айлыкты ооган өкмөтү төлөп береби, же сиздер өзүңүздөр жамаат төлөп бересиздерби?

-Жок, өкмөт төлөп берет. Ону өкмөттүн башына койдум, аны өкмөт төлөй турган болду. Айына 400дөн (доллар) төлөй турган болду, төлөдү. Бизге Тажикстандан көрө, тажиктен көрө Кыргызстан өзүңөр, Ооганстандын Кыргызстанда сафариати (элчилиги) бар го, ошону менен силер сүйлөшсөңөр, анан бизге Кыргызстандан дуктур келсе жакшы болмок, ал да бизге жардам да.

-Сырт дүйнө менен байланыш өтө татаал экен. Ошондуктан Ооганстандын өзүндө Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар, окуялар тууралуу сиздер кайдан угасыздар, телевизор, радио да сиздерде жок окшойт, гезит жетеби?

-Бизде радийиси (радио) бар. Андан болгон кептерди угабыз, анан телевизордон кептер жок.

- “Азаттык” радиосун да эшитип турасыздарбы?

-“Азаттык” радийисин эшитип турабыз.

-Мына азыр Кабулда, же тыш жактарда окуган жигит-кыздар барбы памирлик кыргыздардан?

-Жок. Согушта, ыңкылаптарда ким келе алат, келалбайт. Азыр Алла жар берсе, 12 синуфка (класска) чейин окуса. Анан Ооганстанга, Кабулга, Бадахшанга жүгөрсөк же Кыргызстан же Тажикстан менен сүйлөшүп, окууга жүгөрсөк деп турабыз. Жаш деле кыйлага барып калды, 46 жаш, андан ары 12 жыл өмүр барбы жокпу ал Аллага маалим да.

-Кабулда да кыргыздар жашайбы?

Кабулда хал-хал эми (анча-мынча бар), ар улаятта (вилаетте), ар жерде бир-эки үйбүлө. Биздин алты үйбүлө Алманда (Гелман), Кандагарда бар. 4-5 үйбүлө кыргызыбыз Бадахшандын Ишкамыш деген жеринде бар. 1-2 үйбүлө Бадахшандын өзүндө бар. 2 үйбүлө Кабулда бар. Кыргыз ошондой тозуп кеткен да. Бу Мазари-Шариф, Анкуй, Шыбырканда ар жерде эки-үчтөн кыргыз бар.

-Алар кыргыздын үрп адатын, салтын, тилин сактап калса керек, же сактай алышкан эмеспи?

-Сакталай алышкан эмес. Алар Ооганстандын фарсча тилине кирип кеткен, кыргыздын салттарын алар унутуп калган.

-Азыр сиз жана ыңкылап жөнүндө айтып кеттиңиз, уруш жөнүндө кеп салдыңыз. Азыр талибдер сиздерге зомбу-зордук көрсөтүп жаткан жокпу?

-Талибдер биздин шамал жагыбызда (түндүк тарапта) жок. Яныбта (түштүктө) Кандар, Алман (Гелман), Пактия деген улаяттарыбыз бар, ошол жактарда бар. Пакистан менен чегарабыз болгон, ошол жактарда бар. Биз жактар азат, азыр жакшы эле. Кайсы бир мүшкүлчүлүк, кыйынчылык деле жок.

-Кабулда күн сайын болбосо да, тез-тез аткылашуу, жардыруу болду дегенди кабарда угуп калабыз. Азыр кандай Кабулда тынчпы?

-Азыр Кабулда тынч, ошондой нерселер бир аз 10-20 күндө, бир айда бирден болуп калат. Кызматы жеткен 5-10 адам ошо иитихариде (жанкечтилик) өтүп кетет. Андан башка мылтык алып, жарак алып согушкан ол гаптар жок.

-Турдакун ажы, сиз Улуу жыргага биринчи ирет депутат болуп шайландыңызбы?

-Жок экинчи ирет. Страры (шашылыш чакырылган) өткөн Улуу жыргада президентибизди такка отургузганда да мен шайлоого келгем. Бул экинчи шайланышым.

-Мөөнөтүңүз качан бүтөт?

-Мөөнөтүм дагы жарым жыл бар.

-Андан кийин кайра өзүңүз болосузбу, же дагы бир талашып тургандар барбы?

-Жок, биздин элде талашып тургандар деле жок. Биздин элибиз көп итифак (ынтымак), бири-бири менен саз журт. Азыртан айтып атышат: кийинкиде сен эле болгун деп.

-Сизди көпчүлүк эл арасынан көрсөтүп тандалып депутат болдуңузбу же ооган өкмөтү өзү тандап көрсөттүбү?

-Ооган өкмөтү тандап көрсөттү. Ооган өкмөтү айтты, депутатка бир адам силерден да бергиле дегенде, анан өз арабызда биздин эл айтты, сен баргың депутатка деп анан журт арасында шайладылар да. Айлыгым 2 миң доллар, бир айда 2 миң доллар берет. Анан бул 2 миң доллардан, отурган үйүбүздү кирээге алганбыз, кирээни ошол айлыктан төлөйбүз да.

-Парламентте кайсы комитетте кайсы маселе боюнча иштейсиз сиз?

-Парламентте ар кайсы маселелер бар. Биздин парламентибиз жаңыдан болду, Ооганстанда канын (канон, мыйзам) жок эле, эч нерсе жок эле. Биз канын боюнча дагы канынды жаңыдан таслуст кылабыз, элдин ышкылаатын (көйгөй, проблема) таслуст (долбоор кылып даярдоо) кылабыз, ар кайсы келечекте боло турган иштерди сүйлөшөбүз.

-Делегация менен өкүл болуп тыш өлкөгө дагы чыгып келдиңизби, же али чыга элексиздерби?

-Жок, чыга элекпиз, анча-мынча чыккандар да бар, биз чыга элекпиз. Эми чыгамбы деп турам, Пакистанга, Кыргызстанга барам деген оюм бар бешинчи айларда. Алла колдосо.

-Аңгемебиздин баш жагында сөз кылдык эле бир нече айыл кыргыздар жашайт деп. Мына ошолордун арасында кыргызча ыр-күүлөр сакталып калса керек?

-Бар, кадимки кыргыздын салттары биздин арабызда бар. Кыл комуз да, жөн комуз да бар, ырдагандар да бар, эскиден келген ырларды ырдагандар да бар, жаңыдан кошукчу дейбизби, аны кошуп ырдаган адамдар да бар.

- “Манас” айтылабы?

-“Манас” айтылат. Көп жок, бир адам бар. Ал манасчы дагы каарып кетти. Дагы башка жаңыдан үйрөнгөн киши да жок.

-Жалаң эле кыргыздар чогуу жашаса, анда кыз берип, кыз алгандар жалаң ич ара турбайбы?

-Жалаң өзүбүздөр менен, башка тыш бирөө жок.

-Түркияда жашаган кыргыздар бир убакыт сааты келсе Кыргызстанга көчүп барсак деп тилек кылышат экен. Сиздерде да ушундай ой барбы?

-Биздерде да ушунда ой бар: Кыргызстанга көчүп барсак, кыргыздарыбыз бир болсок дейбиз. Кыргызстан жери танаа ондогу (жалгыз ал жердеги) кыргыздардыкы эмес, ага биз деле шерикпиз, биз деле актарбыз. Кыргызстандын өкмөтүнө барсак, жер-сууга ээ болсок, кыргыз тууган-урукту таап алсак, Кыргызстан өкмөтү жардам кылса деген кишилер да бар. Мен асили өзүм да Кыргызстандын Алайындан, Сарыбулак деген жерден болом. Менин уруум найман болот. Чоң атамдын аты Курманбек амин деген киши. Анын атасы Терме деген киши, Терменин атасы, түпкү бабаларыбыз Карабий, Кадырбий, Көнбий, Көлбий дегендердин оолатинен (урук, тукум) болом.

-Кайсы жылы эмне шамал айдап көчүп кеткенсиздер Бадахшанга анда?

-Кыргызстан Николайдын давраны (доору) түгөнүп, бийликти болчевик (большевик) алган заманда, 75 жыл болдубу, ошол заманда көчүп кеткенбиз.

-Кийин бир топ кыргыздар Түркияга көчүп кетти эле. Сиздер көчүп кетпей калганыңыздарга өкүнбөйсүздөрбү, арман кылбайсыздарбы?

-Арман кылабыз, арман кылбас болобу. Биз жүрө албай калдык, жерибиз узактык кылды, бекабар жатып калдык да. Азыр айтабыз биз да көчүп кетсек болот экен деп, жакшы жашагыдай экенбиз, балдарыбыз-кыздарыбыз мектеп окугудай экен деп арман тартып жатабыз. Биз Кыргызстан өкмөтүнө суроолорубуз көп. Кыргызстан өкмөтү кандай кылса, консул аркылуу сүйлөшсө, Ооганстан менен, бизге жардам, көмөк кылса, мына мектеп тууралуу бизге жардам кылса.

Мектептин көп гаптари (маселеси) бар, ал тура турган үйү вакар (керек), анын каржы- машраби (акчасы) вакар. Оорукана, дуктурлар тууралуу, дуктур вакар, анан кеселдерди жаткырышка жер вакар. Ошондой биздин мышкылаттарыбыз (проблемаларыбыз) бар. Кыргыз өкмөтүнө биз ошону табакы (эске салуу) кылып турабыз. Андан тышкары Кыргызстандан дуктурлар келип, дарыласа болобу деп айттыңыз. Бу 20-40 адам келип бизге кызмат кылса биз ага кош болобуз, аны коргошко деле жарайбыз. Анан өкмөттөн гайри канын (ырасмий) жакшылык болсо жакшы болот.

-Маегиңизге ырахмат.

Сүрөт fotoart.org.ua интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG