Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

17:04 Аксы районунда алтын кен чалгындоосуна каршы чыгышты


Райондун Карасуу айыл өкмөтүнө келишкен 400дөй киши жоопкерчилиги чектелген "Молоташ" ишканасынан айыл башындагы алтын кен жайын чалгындоону токтотууну талап кылышты. Кен чалгындоо иштери жүрсө сууга, жаратылышка зыян болоорун, андан улам адамдардын денсоолугуна таасир этеерин билдиришти. Алар менен жолуккан ишкананын аткаруучу деректири Мамет Дубанаев азырынча чалгындоо иштери баштала электигин, мыйзамга жана элдин денсоолугуна зыян тийгизчү иш-чаралар боло электигин, кайра айылдын инфраструктурасы үчүн 18 миллион сом каражат жумшап, 15 чакырым жол оңдолгонун билдирди. Мындай маалымат айыл өкмөттүн башчысы Кадыркул Өмүрбековдон алынды. Анын айтымында, буга дейре ал жерде жеке адамдар алтын жууп-чайкап алышчу. Аксы, Токтогул, Талас аймагынын ортосунда турган алтын кен жайында болгон эки жыл мурдагы кар көчкү эки адамды басып калган. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG