Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

БАГДАДДА ТАРИК АЗИЗДИН СОТУ БАШТАЛАТ


Иракта бүгүн Тарик Азиздин соту башталат. Саддам Хусейндин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2006/12/D7927629-536E-4D1C-AB07-1CD0993431BA.asp тушунда ал өлкөнүн тышкы иштер министри жана премьер-министрдин орунбасары болуп иштеген. Азиз кырк чакты бизнесмендин өлүмүнө себепчи болгон деп айыпталууда. Эгер күнөөсү далилденсе, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Сотто Саддамдын өкмөтүндө жогорку кызматтарда турган дагы бир нече кишиге да өкүм чыгарылат.

Тарик Азиздин жана эски бийликтин жогорку даражалуу жоон топ төбөлдөрүнүн иши Ирактын жогорку трибуналында каралат. Трибунал Саддамдын режими маалында мамлекеттик кызматтарда турган адамдарды соттоо үчүн түзүлгөн. Процесске судя Рашид Абдел Рахман төрагалык кылат. Рахмандын теги күрт, учурунда Саддамдын өзүн соттоп, өлүм жазасына кескен. Өкүм 2006-жылы декабрда аткарылып, Саддам дарга асылган.

Байкоочулардын айтымында,Тарик Азиз да ушундай тагдырга кабылышы ыктымал. Айыптоо актысында ал 1992-жылы 40тан ашуун бизнесмендин өлүмүнө тикелей себепчи болгону айтылат. Соодагерлерди ал кездеги бийлик эл аралык санкциялардын шартында азык-түлүктөрдүн баасын кымбаттатып, ортодон чоң олжого туйтунган деп айыптап, арыдан-бери соттоп салган. Алардын баары өлүм жазасына тартылган.

Айыпкердин уулу Зияд Азиз атасынын бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. Соодагерлерге иш козголуп, өкүм чыгарылган маалда Тарик Азиз чет жактарда сапарда жүргөн экен. “Анын үстүнө бизнесмендердин жакындарынан эч ким менин атама каршы доо койгон эмес”, - деп айтты Зияд Франс пресстин кабарчысына.

Жакынкы Чыгыштагы финансы маселелерине адистешкен Лондондогу институттун директору Яхиа Саид мурдагы режимдин тушунда Тарик Азиз көп жагынан мартабалуу башка чиновниктерден айрымаланып турганын эске салат. “Ага үзөңгүлөш жүргөн көп чиновниктер режимдин касабына калып, айыпка жыгылышкан, айрымдары өлүм жазасына тартылган, калгандары иштеринен куулган. Азиз болсо көп жылдар бою бир эле мезгилде бир нече саясий кызматтарда турган, мындай төбөлдөр Баас партиясында өтө эле саналуу болгон”, - дейт Саид.

Мындан тышкары Азиз дини жагынан жергиликтүү “каапырларга” кирет, буга карабай жогорку кызматка жеткен. Мындай христиандар да сейрек болгон. Бирок алардын эч кимиси Азиздин даражасына көтөрүлө алган эмес. Саддамдын өкмөтүнө күрттөрдүн, шейиттердин деле өкүлдөрү кирген. Азиз алардын баарынан айрымаланып, Саддамдын жана режимдин астейдил тарапкери бойдон калган.

Азиздин өкмөттүк жогорку кызматтарда турганын Саддам бийликтин диний топторго тең бирдей мамиле жасарын көрсөтүү үчүн пайдаланган. Иш түзүндө режим диний теңчиликке эмес, диктаторго кимдин кандай ыкылас-ынтаасы бар, ушул жүйөөгө таянган.

Перси булуңундагы биринчи согуш маалында Азиз тышкы иштер министри катары маанилүү рол ойногон. Англис тилин мыкты билгендиктен тышкы маселелерде Саддамдын саясатын, анын ичинде Кувейтке согуш ачкан кадамын жактап, кыйын-кычыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

2003-жылы мартта америкалыктар Иракка басып киргенден көп өтпөй Тарик Азиз коалициянын колуна түшүп берген.

Азиз менен бирге сотто эски режим маалында коопсуздук кызматын,ички иштер министрлигин жана башка мекемелерди башкарган жогорку даражалуу жоон топ чиновниктер, алардын ичинде Саддамдын аталаш иниси да сурак берет.

Сүрөт vestnik.com интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG