Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Америкалык өкмөттүк эмес Фридом хауз уюму дүйнөгү сөз эркиндигинин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/D344792D-8A97-4B58-B9D2-5F4F0223A96D.ASP абалы боюнча кезектеги жылдык отчетун жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан "эркин болбогон" өлкө деп таанылып, дүйнөдө 70-орунда турат. Ал эми Борбор Азиядагы калган бардык жумурияттар Кыргызстандан да артта.

Сөз эркиндиги көп кырдуу факторлорго көз каранды. Мисалы, эгер гезит карандай эле калпты жаза берсе, анда атуулдар калп сөз эркиндигинен гана пайдала алышат. Ошондой эле эгер интернет байланышы жок болсо, бул дүйнөлүк масштабдагы зор ресурс сиз үчүн жабык болот.

Түркмөнстанда мисалы интернет кафе деген кечээ жакынга чейин такыр болгон эмес. Бирок кийинки айларда баш калаа Ашхабадда интернет кафелер ачылды. Бул албетте өтө аз.

Огулжамал Язлиева “Азаттыктын” түркмөн кызматынын директору:

-Интернет жаатында, Ниязовдун мезгилине салыштырмалуу чынында да өзгөрүү бар. Ашхабадда интернет кафелер ачылды. Мурда мындай кафелер такыр жок болчу. Окуу жайларында, кеңселерде интернет бар. Бирок бул жетишсиз. Жарым миллион киши жашаган шаарда болгону 3 кафе бар, ар биринде бештен компьютер турат. Мурда баалар кымбат болчу, кийин бир аз арзандатышты, бирок баары бир интернет колдонгулары келген атуулдар үчүн бул таптакыр жетишсиз.

Түркмөнстанда мурда “Азаттыктын” түркмөн кызматына интервью берген адамдар түрмөгө салынып, кабарчылары кысмакка алынып, ал тургай алардын бири түрмөдө шектүү кырдаалда көз жумган. Бүгүн эми алар “Азаттыкка” кайрадан жеринен кабар бере башташты:

-Aйрым анча-мынча өзгөрүүлөр бар. Мисалы биздин радионун кабарчылары өлкөнүн өзүндө иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Бирок ошого карабастан, сөз эркиндигине даңгыр жол ачылды деп айтууга болбойт.

Язлиева белгилегендей, өзөрүүлөр чектелүү мүнөзгө ээ. Ошого жараша, Фридом Хауз уюмунун изилдөөсүндө өлкө сөз эркиндиги боюнча дүйнө мамлекеттери арасында 96 балл менен эң акыркы орундардын биринде турат. Андан кийин Бирма менен Түндүк Корея гана бар. Буга салыштырмалуу Кыргызстан 70, Тажикистан 77, Өзбекстан 92 балл алды.

Борбор Азияда лидерликке умтулган Казакстан 78 балл менен орто заар орунду ээлеген. Бул өлкөнүн баш калаасы Астанада жакында болуп келген кесиптешим Эланора Бейшембек кызы бул шаарда интернет кафе жокко эсе экендигине күбө болду:

-Чынында эле аябай издедим. Бишкектегидей интернет кафе табам деп ойлобой эле койсоңуз болот.

Эланора акыры интернет байланышын таба алды. Ушул тажрыйбасынан улам ал Астанадагы интернет колдонуу маселесине ал мындайча баа берди:

- Мен бир такси кармап, китепканага бардым. Ал жерде интернет бар экен, бирок көбү бош турат. Жаштардан сурадым. Бишкектегидей жабылып интернетти карашпайт экен. Интернет акысы мүнөтүнө 7 мүнөт, бул Бишкектегиден 7-8 эсе кымбат, - дейт Эланора Бейшембек кызы Казакстандын баш калаасындагы интернет байланышы тууралуу.

Фридом Хауска ылайык, Казакстанда акыркы жылдардагы начарлоо былтыр да уланды. Бул тууралуу уюмдун өкүлү Крис Уолкер өлкөгө мунай-газдан акча агып келип жатканы менен, экономикалык өзгөрүш сөз эркиндигинин жакшырышына түркү боло алган жок:

-Акыркы эки жылда Казакстанда да Азербайжандагыдай интернет сайттар жабылып, мартабалуу өкмөт өкүлдөрү Орусия сыңарында интернетти көзөмөлдөөнү күчөтүүнү сунуш эте башташты.

Бирок Уолкердин айтымында, региондо гана эмес, жалпы эле дүйнө жүзүндө Түркмөнстан менен Өзбекстан сөз эркиндиги жаатында эң артта кала беришүүдө:

-Дүйнөдөгү эң начар өлкөлөр, маалымат каражаттары эң катуу кысмыкка алынган мамлекеттердин үчөө мурдагы Советтер Союзунда, алар Беларус менен катар, Түркмөнстан жана Өзбекстан.
XS
SM
MD
LG