Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

30-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Орус бийлигинин 1853-жылдын 30-апрель күнкү рапортунда Ормон ханга жашыл бархаттан тигилген чепкен жана башка белектерди берүүгө көрсөтмө берилет. Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык, 1924-жылдын бу күнү «Кара-Кыргыз илим комиссиясы» уюшулган.

Орус бийлиги Ормон хандын элин Россия империясынын курамына алыш үчүн болгон аракет жасагандыгы байкалат. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта, кыргыз манабы Ормон Ниязбековго элчилик жасалыш зарылчылыгы белгиленет. Керектүү болгон жүк ташыш үчүн казактардан жылкы жана төө сурап Ормон ханды карай аттаныш керектиги көрсөтүлөт.

Капыстан келген көчтө Ормон хан сестенбеши үчүн алдын-ала кабар берип, кыргыз жергесине келээр замат мыкты боз үйлөрдү тигүү туурасында сөз кылынат. 1853-жылдын 30-апрель күнкү рапортто көрсөтүлгөндөй Ормон ханга жашыл бархаттан тигилген чепкен жаап, ар бири беш жарым аршинден турган кездеме, күмүштөн жасалган ашкана идиштерин, алтын саат жана башка белектерди берүүгө көрсөтмө берилет.

Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңеши 1924-жылдын бул күнү «Кара-Кыргыз илим комиссиясын» уюштуруу туурасында чечим чыгарды. Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешинин чечиминде, кара-кыргыздардын кыргыз-казактардын тили, маданияты жагынан айырмасы бар экендиги белгиленет. Кара-Кыргыз илим комиссиясы, Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешине баш ийип, анын төрагалыгына таанымал агартуучу Ишенаалы Арабаев дайындалган. Ушул эле жылдын декабрь айында Кара-Кыргыз илим комиссиясы Академиялык борборго айлантылган.

Кыргыз АССР Кеңешинин II съезди 1929-жылдын 25-апрелинде ишин аяктады. Кеңеш жыйынында Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республиканын жаңы Конституциясы кабыл алынды. Башмыйзамга ылайык Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик желеги бекитилген. Кызыл түстөгү желектин каскакка бекиген жерине жакын алтын тамгалар менен кыргызча «Кыргыз АССРи» деп жазылган.

Жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлердин Фрунзе шаардык кеңешинин 1929-жылдын бу күнкү чечимине ылайык, христиандардын Свято-Серафимова чиркөөсү Агартуу Элдик комиссариатына берилди. Элдик агартуучулар чиркөөнү коңшу жайгашкан балдар үйү үчүн клубга айландырышып, акыры аны талкалана турган даражага жеткиришкен.

Кыргыз Республикасынын жакынкы коңшуларына карата жүргүзгөн дипломатиялык алакасы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну арттыруу принцибине ылайык өнүккөн. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн башын бириктирген Борборазиялык биримдиктин уюшулуш жагдайын кыргыз дипломатиясынын ийгилиги катары бааласа болот.

Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев, Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан Республикасынын президенти Ислам Каримов 1994-жылдын 30-апрелинде Чолпоната шаарында Борборазиялык биримдикти уюштуруу келишимине кол коюшкан.
XS
SM
MD
LG