Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:54

Нью-Йоркто жайгашкан Freedom House уюму быйылкы жылдагы дүйнө жүзүндөгү сөз эркиндигинин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/04/D344792D-8A97-4B58-B9D2-5F4F0223A96D.asp абалы боюнча отчетун жарыялады. Анда Кыргызстан 195 өлкөнүн ичинен 156-орунга ээ болуп, сөз эркиндиги жок мамлекеттердин катарына киргизилген. Уюмдун отчетунда Кыргызстанда, Россияда, Грузияда сөз эркиндиги 2007-жылы начарлаганы белгиленген.

КМШ мамлекеттеринин ичинен сөз эркиндиги жарым-жартылай бар өлкөлөрдүн катарына Украина жана Грузия кирген. Калган мамлекеттер сөз эркиндиги жок мамлекеттердин катарына кошулуп, бирок алар рейтинги менен айырмалаган. Маселен, сөз эркиндигинин абалы боюнча, Кыргызстан дүйнөдөгү 195 мамлекеттин ичинен 156-орунда турса, Азербайжан, Тажикстан, Казакстан, Россия 168 менен 170-орундардын ортосунда алган. Ал эми Белорус 188, Өзбекстан 189, Түркмөнстан 193-орунга коюлган.

Буга чейин жарым-жартылай сөз эркиндиги бар өлкөлөрдүн катарында келген Кыргызстандын артка кетип, сөз эркиндиги жок өлкөлөрдүн катарына кошулушун “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова негиздүү деп эсептейт жана анын себептери катары буларды атады:

-Журналисттерде акыркы кезде кол салуу көбөйүп кетти. Экинчи жагынан мамлекеттик саясат ошого алып барып койду. КТР баягы эле абалда калды. Жеке менчик телекөрсөтүү жана радиолорду басып алышууда. Ошондуктан Кыргызстандын сөз эркиндиги жагынан абалы өтө эле аянычтуу болуп калды.

Азиза Абдырасулова журналистерди буюртма өлтүрүү, аларды коргоодо мамлекеттин жетиштүу аракетинин жоктугу ушундай абалга алып келип жатканын кошумчалады.

Бирок расмий бийлик өкүлдөрү “Фридом хауздун” баасына макул эмес. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев:

-Биз айтып коюшубуз керек, бул уюм кайсы изилдөөлөргө таянып мындай бүтүм чыгарып жатат? Ал бизге белгисиз. Бүгүнкү күндө сөз эркиндиги боюнча Кыргызстанда эч кандай проблема жок. Тескерисинче учурда сөз эркиндигинин өнүгүшү үчүн бүт шарттар түзүлгөн.

Досалы Эсеналиев мисал катары Кыргызстанда эркин гезиттердин чыгып жаткандыгын, телеканалдар сапаттык жактан өсүп жатат деген негизди келтирди.

“Журналист” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев Кыргызстанда коңшу мамлекеттерге караганда сөз эркиндиги боюнча абалдын дурустугун, бирок оппозициялык гезиттердин кысымга дуушар болуп жаткандыгын белгилейт:

-Башка өлкөлөргө караганда бизде чынын айтканда сөз эркиндиги бар. Бирок жалпысынан алганда эркин гезиттер кысымдарга туш болууда. Өзгөчө оппозициялык маанайдагы гезиттер көп кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Маселен, “Де факто”, “Алиби” гезиттеринин үстүнөн сот иштери жүрүп жатат. Ал эми телекөрсөтүү жагына келсек, азыр бизде бийликти сындай ала турган бир электрондук жалпыга маалымдоочу каражат калбай калды.

Кыргызстандагы “Туран” саясий партиясынын лидери Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, бийликтин экономиканы өнүктүрүүгө басым жасап, сөз эркиндигине көңүл бурбаганы оң натыйжа алып келбейт. Ал өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына мындай баасын берди:

-Албетте коңшу өлкөлөргө карагандa биздеги абал дурус. Бизде телекөрсөтүүдө болбосо дагы гезиттерде, “Азаттык” радиосунда эркиндик бар деп айтат элем. Бирок өнүккөн өлкөлөрдөгү абал менен салыштыра турган болсок, албетте биздики ойдогудай эмес.

Тайырбек Сарпашев сөз эркиндигин камсыздоого бийлик кызыкдар болуш керектигин, анткени бул коррупцияга каршы күрөштө, демократияны, мамлекетти бекемдөөдө чоң роль ойноорун кошумчалады. “Туран” партиясынын лидери ошондой эле Freedom House өңдүү абройлуу уюмдун Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча бүтүмүн четке кага албасын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG