Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Азык-түлүк тартыштыгы Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип, ансыз деле кедей өлкөдө жакырлардын саны арбый тургандыгын айрым адистер белгилешүүдө. Өкмөт азык-түлүк --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/AF229520-6E48-4D71-B246-D7EA584283CD.asp каатчылыгына кабылбаш үчүн быйыл эгин былтыркыдан арбын себилгенин айтып, жетишпеген данды Казакстандан сатып алмакчы.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Рожер Робинсондун ырасташынча, азык-түлүк каатчылыгы Кыргызстандын социалдык түйшүгүн көбөйтүп, ансыз деле жону жука калктын жашоо-турмушу кескин оорлойт.

- Азык-түлүккө, ошондой эле энергетикага баанын көтөрүлүшү акыйкатта да экономикалык өнүгүштүн жайлоосуна алып келет. Бул Кыргызстандагы жакырчылыкка каршы күрөшкө терс таасирин тийгизет. Каатчылыктын салакасын абдан жакыр адамдар көбүрөөк тартышат. Кыргызстан ачык экономикалык саясат жүргүзөт. Ошондуктан чет өлкөлөрдө болуп жаткан кыйынчылыктардын кээрин кыргызстандыктар батыраак сезишет.

“Бечелден жөтөл кетпейт” болуп ансыз деле экономикалык оор проблемаларын жөндөй албай жаткан кедей өлкөлөр үчүн оокат-аштын тартыштыгы, Улуттар уюмунун азык-түлүк коопсуздугу (FAO) боюнча мекемесинин эксперти Николай Дрониндин ырасташынча, чоң сыноо болгону турат.

- Менин билишимде Кыргызстан, башка өлкөлөр азык-түлүктүн кыйласын сырттан сатып алышат. Жаңылбасам ал жалпы азык-түлүктүн 30% ашуунун түзөт. Бул ушу тапта дүйнөдө кескин көтөрүлүп бараткан азык-түлүк баасы өлкөнүн ички базарында кымбаттайт дегенди түшүндүрөт.

Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөржай министринин орунбасары Байымбет Мураталиев өлкөнүн азык-түлүк, асыресе нан менен өзүн-өзү камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок аны пайдалана албай келатканын белгилейт.

- Негизи өзүбүздү камсыз кылсак болот. Бизде 5 миллион 100 миң деп орточо адамды алсак, анда анын ар бирине 205 кило биологиялык керектөө болсо бизге миллион тонна ун керек болот. А биз жылына 400 миңге жакын гектар жер айдап жатпайбызбы. Ошондо андан 20 центнерден алганда 800 миң тонна. Сырттан 350 миң тонна сатып алып жатабыз. Бизде мүмкүнчүлүк бар. Буудай аянтын 500 миң, 600 миң гектарге жеткирсек биз эч кыйналбай эле өзүбүздү өзүбүз нан менен камсыз кыла алабыз.

Ушу тапта Кыргызстанда 3 миңден ашуун майда дыйкан чарбалары бар. Дыйкандардын көпчүлүгү энчисине тийген жерди жакшы иштете албай, айыл чарбасы жылдан жылга артка кетүүнүн үстүндө.

Өткөн жылы айыл чарбасындагы өсүш 1,5% да чыкпай, белгиленген 4% кагаз жүзүндө эле калган. Быйыл деле өкмөт өткөн жылдан бираз жогорку көрсөткүчкө жетишсе ыраазы болмок. Бирок да апрелдин он жетиси менен он тогузундагы үшүк Талас менен Чүй облусуна өзгөчө оор зыян алып келди.

Анан да экономика илим кандидаты Ж.Жаиловдун ырасташынча, майда дыйкан чарбаларынан чоң үмтөтүштүн деле кереги жок.

- Чыгымдар көп. Азыр көрүп жатасыңар, күйүүчү майлардын, үрөндүн баасы күндөн-күнгө өсүп жатат. Техника кымбат. Дегеле айыл чарбасын көтөрө тургандардын баарынын баасы өсүп, анын натыйжасында продукциянын өздүк наркы жогору болууда.

Азык-түлүк каатчылыгын чечүүнүн бир амалы катары Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги нан жана жүгөрү боюнча атайын программа иштеп чыгып, заманбап технологиянын негизинде айыл чарбасындагы эмгекти уюштуруу аракетине киришкени турат. Өкүнткөн жагдай, жаңы программаны каржылай турган акча өкмөттүн өзүндө жок.
XS
SM
MD
LG