Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

ООГАНСТАНДА “КЫРЧОО ЖОЛ” КООПСУЗДУК КЫРДААЛЫН ДА ЖАКШЫРТАТ


Эмдиги жылы Ооганстанда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/04/61B878F6-DFE0-465D-AA9E-39E885EC9574.asp өлкөнүн борбору менен элеттеги алыскы аймактарды туташтырган “кырчоо жолдун” маанилүү тилкелери ишке берилет. Бийликтер муну менен экономика гана көтөрүлбөстөн коопсуздук кырдаалын да жакшыртканга да мүмкүнчүлүк түзүлөт деп үмүт кылышат. Бул долбоор АКШнын эл аралык өнүктүрүү мекемеси – USAIDдин демилгеси менен курулууда.

Курулуп жаткан “кырчоо жол” Кабулду түштүктөгү Хорст жана Пактиа аймактары менен байланыштырат. USAIDдин айыл чарба жана Ооганстандагы алтернативдүү өнүгүү программасынын директору Лорен Студдард Хорст провинциясы эбактан бери эле Ооганстандын калган аймактарынан бөлүнүп калганын, бу жерде негизинен Пакистандын экономикалык таасири күчтүү экенин белгиледи. “Жолдун курулушу бүткөрүлсө, Хорст аймагы экономикалык жактан Пакистанга караганда Ооганстандын өзүнө, анын башка аймактарына көбүрөөк байлана баштайт эле”, - дейт USAIDдин өкүлү.

Кабул өкмөтү да бул жолдун курулушуна өзгөчө маани берет. Хорст аймагы коңшулаш Пакистандын түндүк Вазирстан провинциясы менен чектешет. Бу чөлкөмдү ар кошкон козголоңчулар, талиптер менен “ал-каидачылар” плацдарм кылып алышкан. Жада калса Усама бин Ладен өзү да ала-кула уруу-уруктар, ондогон будун-тайпалар байырлаган ушул аймакта жашынып жүрөт дешет. Хорст менен Кабулду тике байланыштырган жол курулуп бүтсө, анда быткыл-тоолуу бул аймакка ыкчам аскер күчтөрүн жөнөткөнгө шарт түзүлмөк.

“Кырчоо жолдун” танабы Кабулдан Хорстко, андан ары түштүктө Кандагарга, батышта Гератка жана түндүктө Мазари-Шарифке чейин тартылып, кайра келип Кабулга кошулушу керек. Курулуштун Кабул-Герат тутумундагы 700 чакырымдай тилкесин USAID каржылайт. Калган тилкелердеги курулуштарга өткөн жылы октябрда Азия өнүктүрүү банкы 170 миллион доллар акча бөлдү.

Швециянын коопсуздук жана өнүктүрүү институтунда азыркы замандагы “жибек жол” тутумун изилдөөгө арналган программанын директору Никлас Шванстром ооган жеринде жүзөгө ашырылып жаткан бул долбоор жалпы регион үчүн чоң мааниге ээ болот деп эсептейт. “Эгер Ооганстан Борборазия өлкөлөрүн Перси булуңундагы деңиз порттору менен байланыштырган түйүнгө айланса, бу материалдык жактан төтөн мааниге ээ болмок, - дейт швед эксперти. – Соода-сатык өзгөчө жанданмак. Көптөгөн жумушчу орундар түзүлмөк. Өткөөл өлкө катары мындан киришенин көбү Ооганстанга түшмөк”.

“Кырчоо жолдун” түштүк аймактардагы тилкелери алиге чейин үздүк-создук арымда курулууда. Айрым райондордо талиптер активдешип, жол курулушун эки жылдык мөөнөткө токтотконго туура келди. Башка бир жерлерде козголоңчулар жол куруп жаткан жумушчуларга кол салып, чет элдик инженерлерди барымтага кармап кетип, көзүн тазалап салган учурлар такай болуп турат.

Байкоочулар “кырчоо жол” курулуп бүтсө, өлкөдөгү коопсуздук кырдаалына анын шарапаты тийери талашсыз дешет. Бирок долбоорду толук жүзөгө ашыруу үчүн азырынча коопсуздук зарыл болууда.

XS
SM
MD
LG