Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

1-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1853-жылдын 1-майында орус бийлиги Ормон хандын элин Россия империясынын курамына алуу маселесин козгогон. 1-Май майрамы Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген.

Орус бийлиги Ормон хандын элин Россия империясынын курамына алуу маселесин 1853-жылдын 1-майында көтөргөн. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта, кыргыз манабы Ормон Ниязбековду эли менен бирдикте Россия империясынын букаралыгына алуу зарылчылыгы белгиленет. Таасирдүү манаптын империя тарабына өтүшү аймактагы саясий абалды ыңгайлуу оңтойго оодара тургандыгы туурасында кең-кесири кабарланат. Мындан тышкаары, катта Ормонду орус ордосуна чакыруу жана аздектеп күтүү, сый-урмат көрсөтүү сыяктуу кеп-кеңеш келтирилет.

1-Май Кыргызстанда «Жаз жана эмгек майрамы» деген аталышта белгиленет. Совет мезгилинде 1-Май эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын жаралыш тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргызстан эгемендик алгандан бери 1-Май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат. Бүгүнкү күндө 1-Май дүйнөнүн 66 өлкөсүндө салтанаттуу белгиленет.

1-Май майрамы Кыргызстанда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-Майды белгилөө жөрөлгөсү жана майрам салты түптөлгөн. Майрамга чогулган большевиктер, кызыласкерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшту.

Кыргызстандын расмий бийлиги 1995-жылдын 1-Майында Борбордук Азияны өзөктүк куралдардан эркин аймак деп жарыялоо сунушу менен дүйнө коомчулугуна кайрылды. Кыргыз бийлигинин пикирине ылайык, мындай кадам аймактагы тынчтык жана өз ара ишенимди арттырмак, ошондой эле башка өлкөлөрдүн өзөктүк куралдарды көбөйтүү программасына бөгөт коймок.

Түркстан-Сибирь темир жолунун салтанаттуу ачылышы 1930-жылдын 1-майга туштай өткөрүлдү. Темир жолдун ишке киргизилиши менен аймактын экономикасы өнүккөн Россия, аны менен бирге Европа өлкөлөрүнө байланыш куруусуна өбөлгө берди. Түркстан-Сибирь темир жолунун алкагында Кыргызстандын Чүй жана Жалалабат аймагын камтыган темир жол куруу долбоору ишке ашырылган.

Бу күнү, 1908-жылы атактуу акын Темиркул Үмөталиев, 1937-жылы акын Мариям Буларкиева, 1945-жылы сынчы Советбек Байгазиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG