Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

7:00 Жогорку Кеңеште бүгүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча парламенттик угуу өтөт


“Ак жол” фракциясынын демилгеси менен уюштурулуп жаткан бул жыйында өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга, азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер талкууланмакчы. Жыйында бул маселеге тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы угулат. Бул тууралуу өткөн жума күнкү парламент жыйынын соңунда төрага Адахан Мадумаров билдирип, быйыл канча жерге буудай айдалганы, мамлекеттик казынада канча дан бар экени тууралуу маалыматтарды угуу боюнча көпчүлүк депутаттардан сунуштар түшүп жатканын кошумчалаган. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG