Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

7:48 Укук коргоочулар тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги бузулуп жатканына тынчсызданууда


Бул тууралуу бир катар укук коргоочулар президентке жолдогон кайрылууда айтылат. Анда Түп районунда тынч жөө жүрүштүн катышуучулары кол салууга кабылганы, кол салуу бийлик жана укук коргоо өкүлдөрүнүн көз астында болгону белгиленет. Ошондой эле укук коргоочулар өлкө башчысын конституциянын кепили катары жарандардын тынч жыйындарга чогулуу эркиндигин камсыздоого жана Ысыккөлдөгү жүрүшкө чыккандардын кол салууга кабылышына жол берген бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тез арада тиешелүү чара көрүүгө чакырган. Өткөн ишембиде оппозициялык кыймылдар Каркыра жайлоосундагы жердин Казакстанга берилишине каршы жөө жүрүш уюштуруп, бирок чагымчыл аракеттерден улам аны токтотууга аргасыз болушкан эле. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG