Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

8:12 “Ак жол” партиясы коомчулукка кайрылуу кабыл алды


Партиянын кечээки курултайынын соңунда кабыл алынган бул кайрылууда өлкө президентинин демилгеси экономиканы өнүктүрүүгө, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталганы, ал сунуштаган жаңы экономикалык саясат ушул максатка жетишүүдөгү оптималдуу жолду аныктаары айтылат. “Жаңы экономикалык саясат - бул аракеттин программасы, аны кыргызстандыктар ар-намыстуулук менен ишке ашыруусу зарыл. Кыргызстан 5-10 жылдан кийин дүйнөдө кайсыл орунда болоору буга түздөн-түз байланыштуу болот. "Ак жол" парламенттик көпчүлүктүн партиясы катары, мамлекет башчысы сунуштаган жаңы экономикалык саясатты чоң ынтызарлык менен кабыл алды. Биз бардык прогрессивдүү күчтөрдү, Кыргызстандын бардык жарандарын өлкө президентинин айланасында баш кошууга жана социалдык-экономикалык реформаларды жүзөгө ашырууда көмөктөш болууга чакырабыз”, - деп айтылат бул кайрылууда. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо үч жыл мурда эле Каркырадагы жердин Казакстанга берилишине, энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы болуп келгендер бул партияга кирээри менен көз караштарын өзгөрткөнүн “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, “Ак жол” партиясынын лидерлери, бул партия менен парламентке келгендер туура эмес саясат жүргүзүп жатат жана алардын келиши менен саясий эркиндикке, сөз эркиндигине кысым жасалып, ар кандай жол менен коркутуп-үркүтүүлөргө жол берилүүдө.(SM)

XS
SM
MD
LG