Аларды “Журналисттер” коомдук бирикмеси, “Медиа өкүлү” институту жана “Интерньюс-Кыргызстан” уюмдары биргелешип уюштурууда. Бул күнгө карата карикатуристтердин республикалык сынагына катышкандардын иштери көрүүчүлөрдүн сынына коюлуп, сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Андан соң маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн арасында бильярд оюну боюнча салттуу мелдеш өткөрүлөт. Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү жыл сайын 3-майда белгиленип келет.(SM)