Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35
“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити “Президентке кат” деген рубрика алдында, гезит кабарчысы Елена Агееванын “Нанайдын балдары башкарууда” деген каяша катын басты. Елена айым анысында, Кыргызстандын президенти К.Бакиевдин бир жыйында: “Такое понижение уровня коррупции, как в Кыргызстане, мало где увидишь. При назначении губернаторов областей, глав министерств и ведомств не бралось ни одного сома. Может, они сами там дают,-не знаю” деген элеңиз. Атаганат, билбегениңиз кандай жаман. А мүмкүн сом менен эмес жапжашыл доллар менен берип жатышкандыр. Мен сизге мындан башкача да айтар элем, “Коррупциясы мынчалык төмөн өлкөнү башка жерден көрбөйсүңөр...” деп Курманбек Салиевич, сиз карандай калпты ышкыртып жатасыз, билесизби, совет доорунда бир жакшы концерттик номер болор эле, башына тебетей, үстүнө тон кийип алып күрөшкөн эки нанай балдарынын куурчак оюну. Ошол куурчактар күрөшүп атып, акыры бирин бири жеңип чыгып, ордунан туруп келген соң биз көрүүчүлөр бир эле артисттин өзү менен өзү күрөшүп, өзүн өзү жыкканын көрөр элек. Бирок азыр артист дагы, шарт дагы башка. Анын үстүнө баарын жаап-жашырып турган сиздин тонуңуз да жок. Эсиңиздеби? Ата Түрк паркында курулуп жаткан хан сарайлар! Сиздин коллегия марттын ортосунда мыйзамдуулукту калыбына келтирүү максатында ошол паркка особняк салып алышкан мурдун балта кеспестерди жоопко тартуу үчүн И. Чудиновго тапшырма берсе, аныңыз мамлекеттик бир органга сөгүшүн ыргытып, дагы бир-экөөнө катуу сөгүшүн чаптай салып кутулганын, энергетика дегенибиз кантип менчиктештирилгенин, кыскасы Курманбек Салиевич, коррупция менен күрөш биздин өлкөдө жогорудагы эки куурчактын тонун жамынып алып өзү менен өзү күрөшүп жаткан нанай баланын ыкмасын эске салып жатпайбы, түгөттүкү! Эми мындай ыкма эч кандай деле натыйжа бербей тургандыгын түшүнүп койсоңуз болду” деп жазды.

х х х

Ушул эле гезит Каркыра чуусу туураалу минтип маалымдады. Эгер жергиликтүү жетекчилердин айткандарына ишенсек Түптө оппозиция өткөргөн жөө жүрүшкө алардын эч кандай катышы болгон эмес. Деги эле ошол жүрүшкө тополоң салган жалданма провакаторлор менен түрмөчүлөр жана ишсиз бекерпоздор, булар эле эмес Көл өрөөнүнүн көптөгөн тургундары Каркыра менен 4 пансионаттын казактарга кетишине өлөр өлгөнчө ыраазы. Ысык-Көл акими Турусбек Мансуровдун билдирүүсү боюнча казактарга болгону-620 гектар жер кетсе, 1150 гектар жер кыкеңдердин эле өзүндө калган. Ал эми “Самал”, “Олимп”, “Автомобилист” жана КАЗГУнун эс алуу лагери адам ыйлагыдай абалда, ошондуктан майдаланып олтурбай эле Казакстанга алардын баарын түбөлүккө бериш керек. Каркыранын казактарга кеткен тарабы какыраган эле камгактуу таш, ырыстуу эчтеке жок. Айтор казактарга өткөн панисонаттардан казына салыкка толуп, Ысык-Көл чындап гүлдөгөн өрөөнгө айланат.

х х х

КМШ өлкөлөрүндөгү менчик укуктар боюнча эксперт, экономика илимдеринин кандидаты Саткын Айтугановдун “Пансионаттарды ратификациялаган мыйзамдардын өзү бузук!” деген көлөмдүү макаласы “Алиби” гезитине жарыяланды. Экономист эксперт мырза Ысык-Көлдөгүдөй курорттук байлыктар Казакстанда да, Өзбекстанда да жоктугун, мына ушул керемет байлык бүгүн казак тараптын ээлигине акысыз өтүп кеткенин, бул иштерди жасаганга мамлекет башчыларынын да, Өкмөттүн да укугу жоктугун, президентти да, Жогорку Кеңешти да эл шайлаганын, тилекке каршы азыркы бийлик мамлекеттин мүлк коопсуздугуна, менчик укугуна доо кетиришкенин, эзели эстен кеткис, кийинки муун кечиргис иш кылышканын фактылар менен окурмандардын сотуна койгон.

х х х

Гезит мындан тышкары “Түп эли неге түп көтөрүлбөй калды?” деген суроонун жандырмагын издеп, аны карапайым калк арасында Каркыра жайлоосу менен 4 пансионаттын казак тарапка кеткендиги жөнүндө маалыматтын дээрлик жоктугунан, элге ошол маалыматты өз деңгээлинде жеткире албаган оппозициянын алсыздыгынан көрүп, бирок ар намысы бар эр-азаматтар бийликтин кечиримсиз кадамына караманча каршы туруп, көкүрөк бугун, көңүл ызасын чыгарып, бүгүнкү бийлик билбесе да калайык-калк билээр деген үмүт менен тараганын, бул күн бүгүнкү бийликтин анык жүзүн дагы бир жолу көрсөткөнүн сөз кылды.

х х х

“Дело №” гезити белгилүү саясатчы, Акаев кетери менен бир-эки сааттай Кыргызстандын президенти да боло калган Ишенбай Кадырбеков камакка алынганын, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, казына каражатын каалагандай калчаган деген айып коюлуп жатканын, ал эми аны күнөөлөп аткан финансы полициясы Кадырбековдун канча каражатты шилеп жибергенин азырынча ачык айта электигин, бирок сөз жок миллиондогон сумма жөнүндө кеп болорун, мына ушулар анык болгондо гана Ишенбай мырзанын мүлкү арестке алынарын, ал ортодо И.Кадырбековду коргоо комитети түзүлүп, И.Масалиев, Б.Акунов, Р.Отунбаева, И.Өмүркулов, Н.Байло өңдүү бир катар депутаттар аны тил кат менен боштондукка чыгаруу боюнча Бишкектин Ленин райсотуна кайрылганын кабарлады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG