Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: ТҮПТӨГҮ ОКУЯ - ОППОЗИЦИЯГА КАРШЫ АТАЙЫН ӨТКӨРҮЛГӨН ОПЕРАЦИЯ


«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттыктын” таңкы уктурууларында сүйлөгөн сөзүндө 26-апрелде Түптө жөө жүрүш акциясын өткөргөнү барган оппозиция лидерлерине болгон кол салууларды оппозицияга каршы милициянын түздөн түз көмөгү аркасында атайын уюштурулган операция деп билдирди.




-Түптөгү окуяны укук коргоочулар адам өмүрүнө коркунуч келтирген жагдайдын түзүлгөндүгүнүн дагы бир далили болду деп белгилеп жатышат. Сиздин пикириңиз кандай?

- Мен укук коргоочу катары айткым келет. Өмүрүбүзгө коркунуч бар. Ал Түптө эле эмес ушу бүгүнкүгө чейин болуп жатат. Анткени, ошол “Ак Жол” партиясына мүчө болгон айыл өкмөттөрү, жетекчилер, мисалы Дамира Ракыбекова деген Түптөгү кеңештин төрайымы экен, Каныбек Такеев деген айыл өкмөт башчысы экен, Чолпонатадан келген кеңештин төрагасы Болот Карабалаев, Караойдо жашаган Жапар (фамилиясы эсте жок) ж.б. 27-апрелде эртең менен баары Түптө болушту. Ошол жерде провокация болуп жатат деп 10.30. да кайрылганыбызда райондук милициянын начальниги, райондук прокурор кайра “силерди түрмөгө камаш керек” деп жооп кайтарышты.

- Бийлик өкүлдөрү жергиликтүү эл акцияга каршы болду, милиция кызматкерлеринин тартипти карагандан башка айыбы жок деп жатышпайбы?



- Биздин офистин кызматкерлери жана Бишкектен барган укук коргоочулар, адвокаттар, Сартпай Жайчибеков жана башкалар мониторинг жасап байкоо салып аттык. Биринчиден Түпкө келаткан жол милиция жана ГАИ менен жабылган болчу. Ошол форумда сөз сүйлөгүсү келген адамдар катыша алган жок. Дамира Райимбекова жана дагы бир аял “Азаттыктын” журналисттин бетин тытабыз деп коркутушту. Максим Кулешовго “кет, кетпесең азыр башыңды жарабыз” деп айтышты. Бул түздөн түз милициянын көмөгү менен алардын көз алдында жасалды. Каныбек Такеев деген айыл өкмөтүнүн башчысы аскердик форманы кийипе алып туруп ар бир укук коргоочуну же саясатчыны көргөзүп, көрсөтмө берип жатты. Жөө жүрүшкө каршы чыккан адамдарды колония поселениядан алып келишиптир. Ошон үчүн биз муну оппозицияга каршы атайын даярдалган операция деп айткыбыз келет. Мониторинг жасап келген укук коргоочулар айтып атышат, бул жерде Түптүн элинин эч тиешеси жок.

XS
SM
MD
LG