Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

11:34 Астанада кыргызстандыктарга укуктук колдоо көрсөтүү борбору иш алып барууда


Эки айдан бери иштеп жаткан борбор кыргызстандыктарга мыйзамдуу жол менен жумушка орношууга көмөк көрсөтүүдө. Борбордун жардамы менен кулчулук торуна түшүп калган 17 жашар кыз бошотулуп, милицияга кармалып калган 22 кыргызстандыкка укуктук жардам көрсөтүлдү деп кабарлады “Замандаш” ассоциациясынын маалымат кызматы. Борборду аталган уюмдун жардамы менен “Астана-Кыргызстан” бирикмеси ачты. Бейрасмий маалыматтар боюнча, учурда Астана шаарында беш миңге жакын кыргызстан жараны эмгектенүүдө. “Замандаш” уюмунун билдиришинче, ушундай укуктук борборлорду Россиянын ири шаарларында ачуу да пландалууда. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG