Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

“КАМБАРАТАНЫ” КУРУУГА КАДР ЖАНА КАРАЖАТ ЖЕТИШПЕЙТ


Кыргызстандын өнөр жай тарыхында олуттуу орунду ээлей турган Камбарата-2 ГЭСинин курулушунун кайра жанданганына аз гана убакыт болду. Анын биринчи агрегатын куруп бүтүп, эмдиги жылы 22-декабрь - энергетиктердин кесиптик күнүнө карата ишке киргизүүгө азыр өкмөт аракеттенип жатат. Бирок Токтогул суу сактагычындагы суу көлөмүнүн азайышы жалпы регионго коркунуч алып келүүдө.

Токтогул районунун Кетмен-Төбө өрөөнүндө Камбарата-2 ГЭСин куруу демилгеси мындан 30 жыл мурун башталып, долбоорун Ташкенттеги гидрокурулуш долбоорлоо институту 1980-жылы түзгөн. Ошол долбоордун негизинде ГЭСтин 40 пайызы курулуп, СССР ыдырагандан кийин акча, демилге жана кызыкчылыктын жоктугунан уланбай калган. Аны курууга кызыгып, Орусиянын башкы энергетиги Анатолий Чубайс баштаган акчалуу көп адамдар келгени менен кеминде 2,5 миллиард доллар зарыл экендигин уккандан кийин кайра тартышкан. Ага карабастан кыргыз өкмөтү өткөн жылы курулушка өзү киришип, жалпы жонунан 5 миллиард сом бөлүү чечимин кабыл алган.

Эмдиги жылдын аягында биринчи агрегатын ишке киргизүү үчүн бул жылга бюджеттен 699 миллион сом бөлүп, курулушка зарыл бетон заводун иштетип, зарыл каражаттарды башка өлкөлөрдөн сатып ала баштады. Курулуш кандай жүрүп жатат жана кандай көйгөйлөр бар?

Суроого “Нарынгидрокурулуш” ишканасынын башкы директору Альберт Абазбеков жооп берди:

-Азыр бул жерде бардыгы болуп 1200 адам иштеп жатат. Анын алты жүзү курулушта, калгандары жардамчы ишканаларда, тактап айтканда Шамалдысайдагы, 14 чакырым алыстыкта турган Камбарата поселкасындагы жыгач иштетүүчу жана кычкылтек чыгаруучу цехтерде иштеп жатышат. Негизи азыр жумушчулардын жалпы саны 950 адам болуш керек болчу, бирок квалификациялары төмөн болгондуктан санын көбөйтүп жатабыз.

-Эң башкы проблема эмне болууда?

-Эң негизгиси проблема кадр маселеси. Акча убагы менен бөлүнүп жатат.

- Сырье жана башка каражаттар менен камсыз кылуу кандай?

-Сырьенун баары Орусиядан алынып келип жатат. Алар менен камсыз болуу жакшы эле. Бул туннель мурда курулган, себеби буга чейин курулуштун 40 проценти бүткөн болчу. Бирок 15 жылдан бери туруп калгандыктан көп нерселерин оңдош керек болуп жатат.

- Ошол 15 жыл мурунку долбоор менен эле курулуп жатабы?

-Ооба, ошол эле долбоор менен иштелип жатат. Долбоордун автору “Ташгидродолбоор” институту болчу. Аны ишке ашыруу үчүн ошол институттун авторлорун чакырган элек. Бирок алар макул болбой койгондон кийин Москвадагы институттар менен сүйлөшүп, 5 миллион сомдук ишти бүтүрүү боюнча келишим түздүк. Эми долбоорду ишке ашыруу аракетин ошолор жүргүзмөк болду.

-Эми курулуш бүткөндөн кийин өндүрүмдүүлүк кандай болот?

-Үч агрегаттын ар биринин кубаттуулугу 120 мегаваттан, жылына 360 мегаватт өндүрүлөт.

- Долбоор эски болгондон кийин технологиясы да эски болуп калбайбы?

-Технологиясы боюнча “Ленгидродолбоор” институту менен сүйлөшүп жатабыз. Ал гидрокуруу боюнча корпорациялар союзуна кирген. Бул институт электротехникалык жагын толук иликтеп чыгат. Технология өзгөрбөйт, жабдуулар гана өзгөрүшү мүмкүн деп турабыз.

Азыр 1980-жылкы долбоорго ылайык трансформаторлорду, насосторду табуу кыйын. Азыркы заводдор андай жабдууларды чыгарбай калыптыр. Ошолордун баарын “Ленгидродолбоор” институту карап чыгат. Андан кийин гана заводдорго заказ берип, сатып алабыз.

-Өзүңүз айткандай, кадр маселесин чечүүгө кандай аракет көрүп жатасыздар? Айлыктары аз болуп жатабы?

- Айлыктары аз болгон жери жок. Президент айткандай 300-400 долларга жеткирилди. Бирок келбей жатышат. Биз барып чакырганда алар келебиз деп макулдугун беришкен. Бирок Орусиянын жетекчилиги айлыктарын 30 прецентке чейин көтөрүп жиберди жана вагондон чыгарып, жатаканаларга которуптур. Анан айына кеминде 1000 доллардан алып жатышат. Ошол себептен эле келбей жатышат. Азыр бир эле Бурейский ГЭСинде 850 кыргыз адиси иштейт. Анын ичинде “НарынГЭСте” иштегендердин 350сү бар. Андан сырткары Багучанский ГЭС курулуп жатат, Красноярскийде да ГЭСтер курулган жатат. Ошолордун баарында биздин адистер көп.

-Өзүңүздүн айлыгыңыз канча?

-Меники 12 миң сом.

- А кантип иштеп жатасыз?

-Патриотмун, Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн иштеп жатам.

Интервьюдан маалым болгондой азыр курулуштагы башкы көйгөй жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздиги. Совет доорунда көп ГЭСтерди курган Кыргызстандын тажрыйбалуу, билимдүү адистеринин көбү башка мамлекеттерге иш издеп кетип калышкан. Ушундан улам азыр курулуштун жанындагы Камбарата, Токтогул, Каракөл шаар, кыштактарынын тургундары жети күндүк вахта менен келип иштеп жатышат.



Бирок алардын көбү атайын кесиптик даярдыгы жок болгондуктан маянасы аздыгына карабай иш менен камсыз болгондоруна ыраазы. Алардын бири бетон куючу Бекбол Абдрахманов:

- Темпти байкап жатасыздар, мына иштеп жатабыз! Эми бизге иштегенибизге жараша акча берип турса дагы деле кубанып иштей беребиз. Айлык орто эсеп менен 7-8 миң сом болот. Анан социалдык, маданий шартта жана жатакана керек. Азыр вагондордо жашап жатабыз, ал жагы кубантарлык деле эмес.

Башка куруучу Токтогул Райымбердиев курулушка жаштарды атайын программа менен алып келип даярдыктан өткөрүү зарылдыгын билдирди:

- Аларды үйрөтүү керек. Биз картайып, пенсияга кетип калсак ким иштейт? Алар дагы ордубузду басып, иштеп калыш керек. Мурдагы квалификациясы жогору адамдардын баары Орусияга кетип калып, жаш адистер өтө аз.

Күндүн ысык-суугуна карабай курулушта иштеп жаткандардын бир тобун аялдар түзөт экен. Аялдар үчүн азырынча социалдык шарттар түзүлө элек экен. Бирок алар иштегендерине курсант:

- Мен Бурул Ниязалиева, иштеп жатабыз, азырынча жакшы эле.

- Сасиева Токтоканмын. Биз жаңы эле кирдик. Убагында иш жок, бош жүргөнбүз. Иш жакшы эле деп ойлоп жатам, эми акырындык менен жакшы болот да.

- Мен Базилет Бейшекановамын. Каракөлдөн келип иштеп жатам. Камбарата жаңы эле башталды, үчүнчү эле вахта иштеп жатабыз. Жети күн иштеп, жети күн дем алабыз, ошондо бир айда 15 күн иштейбиз. Азырынча айлык ала элекпиз. Разрядына жараша 4000 миң сом болот деп айтышты.
Камбаратадан келип иштейбиз. Эртең менен саат алтыда келип, жетиде ишке чыгабыз. Кайра кечинде жетиде иш бүтүп, үйгө кетебиз. Он бир саат иштейбиз. Түшкү тамакты ушул жерден ичебиз.
Азырынча жаткан жерде жуунучу жай курула элек. Эми курулуп, жакшы болсо керек.



Камбарата-2 ГЭСинин курулушун барып көргөн өкмөт башчы Игорь Чудинов иш бекитилген графиктин нугу менен жүрүшү үчүн квалификациялуу курулушчуларды даярдоо боюнча ушул күздө атайын программа иштелип чыгаарын, ошону менен кадр маселеси чечилээрин билдирди:

-Бул жерде бир-эки гана проблема бар. Анын эң башкысы-кадрлардын жетишсиздиги. Бул боюнча, өзүнчө кеңешме өткөрүп, керектүү кадрларды даярдоо планы даярдалат. Ага ылайык, бюджеттик каражатка окуган 50 миң студенттин ордуна азыр ушундай улуттук ири курулуштарга зарыл инженер-куруучу, инженер-гидрокуруучу кесибиндеги адистерди даярдайбыз. Тилекке каршы, быйылкы окуу жылы боюнча бюджет бекип калган, эми сентябрдагы жаңы бюджетке башка адистерди окутуу структурасын киргизебиз.

Акыркы жылдары жеке менчик турак үй, кафе, базар, дүкөндөрдөн башка өнөр жай ишканасын курууну унутта калтырган Кыргызстандагы Камбарата-2 ГЭСинин курулушуна азыр Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин да кызыкчылыгы артып турганы белгилүү.

Энергетика тармагына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыровдун айтымында, буга ГЭСтин Кыргызстан азыр муктаж болуп турган кошумча энергияны берип, жалпы региондун энергетика тармагынын кубаттуулугун арттырууга кошо турган салымы себеп:

- Эгер бардыгы ишке киришсе, бир жылда бир миллиард киловатт саатка жакын электр энергиясын иштеп чыгат. Ошондуктан, бул Кыргызстандын экономикасы менен энергетика тармагына жакшы салым кошот.

Райымбек Мамыровдун айтымында, бирок бул ГЭСтин үч агрегаты курулуп бүткөнчө Камбарата-1 ГЭСин курууга киришүү зарыл. Анткени бул ГЭС ошондо гана долбоордо көрсөтүлгөн 360 мегаватт көлөмүндөгү электр энергиясын иштетип чыга алат:

- Камбарата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын эмдиги жылдын декабрында ишке берген жатат. Ага чейин инвестор таап, Камбарата-1 ГЭСинин курулушун кошо баштап жиберсе болот. Анткени Камбарата-2 ГЭСнин үчүнчү агрегатын бүтүргөнчө жок эле дегенде 3 жыл керек болот. Ошол учурда Камбарата-1дин суу сактагычы курулушун баштап, экөөнү бирдей алып кетсе жакшы ГЭСти толук кубаттуулукта иштетүүгө шарт болот.

Курулушу үчүн миллиарддаган сом талап кылынган Камбарата-1 ГЭСин курууга Орусия, Казакстан кызыгуусун билдирген менен акчасын салууга батыныша элек. Бирок Борбор Азияда суу-энергетикалык концорциум түзүп, алтынга айланып бараткан сууну тең укукта пайдалануу ыкласы коңшуларда күч. Бул маселе президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга визити учурунда да козголду.



Суу–энергетика тармагы боюнча окумуштуу академик Дүйшөн Маматкановдун айтымында, мындай маселени чечүү үчүн суу-энергетикалык концорциум эмес, энергетикалык гана биримдик түзүп, коңшуларды же башка инвесторлорду энергияны өндүрүүчү ГЭСтерди салууга жана анын товарын ала турган тараптын кепилдигин күн мурунтан алууга кызыктыруу зарыл. Бирок, ага чейин Камбарата-1 жана 2 ГЭстеринин статусун тактап алуу керек:

-Анткени, Камбаратаны курган киши экономикалык жактан киреше алыш керек. Киреше алыш үчүн өндүрүлгөн электр энергиясын сатуу керек. Аны сатып ала турган киши жок. Ошон үчүн ГЭСти курган жак товарды сатып алам дедиртип, кепилдигин алыш керек. ОШондо гана пайда түшөт. Ал эми ага чейин Камбарата ГЭСтеринин статусун такташ керек. Казакстан менен Өзбекстан келгиле курабыз, суу-энергетикалык концорциум түзөбүз деп жатат. Концорциум деген сөз Токтогулдагы абал аз келгенсип бизди муунтуу дегенди билдирет. Анткени алардын ою боюнча сууну жылдык жөнгө деген тартип боюнча дагы 400 миллиард кубометр сууну кошумча алган жатат. Аны менен биз кайрадан кошунаны карап калабыз. Ошондуктан Камбарата ГЭСтеринин статусун энергетикалык ишкана жана бир гана энергетикалык режимде иштейт деп бекитип алыш керек. Ошондо гана Кыргызстан пайда алат.

Бирок азыр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6,5 миллиард куб метрге түшүп, курулган ГЭСтердин иштөөсүнө да коркунуч пайда кылып турган чагы. Академик Дүйшөн Маматкановдун баамында, буга тармакты кесипкөй адистер жетектебей, сууну башкаруунун илимий негиздеги тартибин бузуп жатышкандыгы башкы себеп:

- Сууну агызуунун режими бар. Сууну башкаруунун диспетчердик графиги деген болот. Анда бүгүнкү эле эмес мындан кийинки 5-6 жыл ичиндеги башкаруунун прогнозу, башкача айтканда, сууну кайсы жерге барганда кысыш керектиги, кайсы жерде көбөйтүш керектиги жазылып турат. Ушунун баарын эске албай эле коңшулар сураары менен берип коюп, ушундай абалга түшүп жатпайбызбы! Бул бир гана адистердин жоктугунан, диспетчердик башкаруу графигинин жоктугунан болуп жатат. Бул сууну иштетип жаткан жетекчилердин кечирилгис катасы! Энергетикалык режим менен иштебей эле Казакстан менен Өзбекстан сураары менен бере коюп, сокур тыйын албай туруп суусуз отуруп калып жатпайбызбы!



Бирок өкмөт сууну ысырап кылды деген кинеге макул эмес. Премьер-министр Игорь Чудинов коңшуларга суу ысырапчылык менен берилип жатат деген маалыматты четке кагып, кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу электр энергиясын өндүрүү көлөмүн 20-25 пайызга азайтып, сууну топтоо экендигин билдирди:

- Биз өзүбүздүн ички пайдалануубузга зарыл сууну гана агызып жатабыз. Себеби азыр экспорттоого эч кандай келишим жок. Ал тууралуу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосунда төрт тараптуу келишим түзүлмөйүн андай болбойт. Азыр Нарын өрөөнүндөгү кардын деңгээли да 3 миң метрге төмөн экен. Бул быйылкы жылдын катаал болорунан кабар берет. Гидрометеорологдор берген маалыматка караганда, жайкы мезгилде 9 миллиард кубметр гана суу келет. Биз өлкөнүн ичиндеги пайдалануу үчүн жайкы мезгилде төрт жарым миллиард кубметр сууну коротобуз. Муну эсепке алганда жайында келе турган суу жетпейт. Ошондуктан октябрь айына чейин биз 11,5 милиард кубметр суу топтошубуз керек. Ошон үчүн өкмөт жыйынында айтылгандай, электр энергиясын пландуу түрдө өчүрүүдөн кайра артка кете албайбыз жана ансыз быйылкы кыштан чыга албай калабыз.

Анткен менен буга чейин чалкып жаткан Токтогул суу сактагычындагы суу Камбарата-2 ГЭСинин курулушунан учкан чаңды жута албай, какшып бараткандыгы коңшулар аралык чыр чыкса анын себеби суу болот деп кээ бир саясатчылар айткан жоромол чын болбосо экен деп көпчүлүктүн жүрөгүнүн үшүн алып турат.

XS
SM
MD
LG